Йогдор — «рухту жана денени азаптан арылтуу», ошондой эле жалган сүйлөө жана башка жетишпегендиктер менен кемчиликтерден баш тартууга үйрөткөн байыркы Индия философиясынын бир агымын жактоочулар.

Йогдор окуусу өзүн өзү ынандырууга, белгилүү бир кыймылсыз абалга келүүгө, дем алууну башкарууга, сезимин басаңдатып, өзүн өзү кыялдантууга, тамак-ашты чектөөгө жетишүүнү көздөйт. Мындай абалга жеткенде адам жагымсыз факторлордун таасиринен арылат имиш. Бул абалга жетишүү үчүн жаш кезинен баштап өмүрү өткөнчө татаал дене тарбиялык көнүгүүлөрдү так, туура аткарууга тийиш.

Индияда Йогдордун машыгуулары жана дарылоо максатындагы көнүгүүлөрү насаатчылардын көзөмөлүндө өткөрүлөт. Алар кылымдар бою жыйналган тажрыйбалардын негизинде окуучунун организминин абалына, ишине, тамактануусуна жараша көнүгүүлөр белгиленет. Ошондой эле жыл мезгили менен суткасы, ошол жердин климаты эске алынат. Азыркы медицинанын көз карашы боюнча Йогдордун көнүгүүлөрү физиологиялык жактан жеткиликтүү негизделбегендиктен адамга зыян келтириши мүмкүн. Айрыкча көнүгүүлөрдү өз алдынча жасоо өмүргө коркунучтуу. Көпчүлүк көнүгүүлөр эндокрин, жүрөк-кан тамыр жана борбордук нерв системасына, ошондой эле ичеги-карын, бөйрөк, кан пайда кылуучу жана башка органдардын функциясына күчтүү таасир тийгизет. Йогдор системасы боюнча дене тарбиялык машыгууну көзөмөлсүз жүргүзүү организмдин тиричилик аракетине тескери таасир тийгизүүсү мүмкүн. Айрыкча китептен окуп алып жасоо өтө коркунучтуу. Жүрөк-кан тамыр системасы, гипертония, атеросклероз менен ооруган жана улгайган кишилер көнүгүүлөрдү жасоо организмге залалын тийгизбей койбойт. Йогдордун эң көп таралган көнүгүүлөрүнүн бири — баш менен тик туруу. Мында омурткалары майып болушу, мээге кан куюлушу, көздүн тор кабыгынын сыйрылышы мүмкүн. Индия элинин байыркы маданиятынын көп кылымдан берки традициясын жана азыркы мезгилдеги медициналык илимин урматтоо менен советтик медицина ден соолукту чыңдоо үчүн Йогдор көнүгүүлөрүн жасоону тажрыйбалуу насаатчысыз сунуш кыла албайт. Азыркы илимдин маалыматтарына негизделип, советтик медицинада кабыл алынган дене тарбия системасы адамдын өсүшү үчүн шарт түзөт.


Колдонулган адабият түзөтүү

• Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8