КОНМЕБОЛ (исп. CONfederacion sudaMEricana de FutBOL, Түштүк-Америка футбол конфедерациясы же КОНМЕБОЛ) Түштүк Америка футболун башкаруучу уюм. Кээде CSF аббревиатурасы да колдонулат.

КОНМЕБОЛ
CSF

КОНМЕБОЛ картасы

Мүчөлүк:

10 улуттук ассоциациялар

Штаб-квартирасы:

Парагвай Луке

Уюмдун түрү:

Спорт федерациясы

Ырасмый тилдери:

Испанча
Португалча

Жетекчилери
Президенти

Уругвай Эухенио Фигередо

Катчысы

Аргентина Хосе Луис Мейснер

Негизделген
Негизделген күнү

9-июль 1916

Континенттеги футбол түзүмдөрүн борборлоштурууну самаган уругвайлык Эктор Гоместин жардамы менен 9-июль 1916-жылы түзүлгөн. Биринчилерден болуп Аргентина, Бразилия, Уругвай жана Чили мамлекеттери мүчө болушуп, Түштүк Америкада биринчи турнирди өткөрүүгө жетишишкен, ал турнир Буэнос-Айресте өтүп Аргентинанын эгемендүүлүгүн майрамдоого туш келген. Ошентип, ал турнирде КОНМЕБОЛ негизделген. Кийинчерээк бул турнир биринчи Америка Кубогу аталышын алып, андан соң материктин калган көпчүлүк өлкөлөрү уюмга кошулушкан (Гайана, Суринам жана Француз Гвианасы КОНКАКАФтын мүчөлөрү).

Азыркы учурда КОНМЕБОЛ ФИФАга кирет, аймактагы футболду өнүктүрүүну жана турнирлерди уюштурууну көзөмөлдөйт. Уюмдун штаб-квартирасы Парагвайдын Луке шаарында жайгашкан (Асунсьондон 17 км чыг.-түн.-чыг. карай). Президенти Эухенио Фигередо.

КОНМЕБОЛ турнирлери түзөтүү

Уюм үч негизги турнирди өткөрөт. Экөөсү клубдук командалар үчүн: Либертадорес кубогу — УЕФА Чемпиондор лигасынын аналогу, Түштүк-Америка кубогу — Европа лигасынын аналогу жана дагы бири улуттук курамалар үчүн — Америка кубогу же Түштүк Америка Чемпиондугу.

Турнирлердин толук тизмеси:

Уюмдун мүчөлөрү түзөтүү

Өлкө Өлкө курамасы Федерациясы Чемпиондугу Маалымат
  Аргентина Курамасы Аргентина Футбол Ассоциациясы Примера 1893-жылы түзүлгөн, 1916-ж. КОНМЕБОЛ тең-түзүүчүсү
  Бразилия Курамасы Бразилия футбол конфедерациясы A Сериясы 1914-жылы түзүлгөн, 1916-ж. КОНМЕБОЛ тең-түзүүчүсү
  Боливия Курамасы Боливия Футбол Федерациясы Профессионалдык Лига 1925-жылы түзүлгөн, 1926-жылдан бери КОНМЕБОЛ мүчөсү
  Венесуэла Курамасы Венесуэла Футбол Федерациясы Биринчи Дивизион 1926-жылы түзүлгөн, 1952-жылдан бери КОНМЕБОЛ мүчөсү
  Колумбия Курамасы Колумбия Футбол Федерациясы Мустанг Кубогу 1924-жылы түзүлгөн, 1936-жылдан бери КОНМЕБОЛ мүчөсү
  Парагвай Курамасы Парагвай Футбол Ассоциациясы Примера 1906-жылы түзүлгөн, 1921-жылдан бери КОНМЕБОЛ мүчөсү
  Перу Курамасы Перу Футбол Федерациясы Примера 1922-жылы түзүлгөн, 1925-жылдан бери КОНМЕБОЛ мүчөсү
  Уругвай Курама Уругвай Футбол Ассоциациясы Примера 1899-жылы түзүлгөн, 1916-ж. КОНМЕБОЛ тең-түзүүчүсү
  Чили Курамасы Чили Футбол Федерациясы Примера 1895-жылы түзүлгөн, 1916-ж. КОНМЕБОЛ тең-түзүүчүсү
  Эквадор Курамасы Эквадор Футбол Федерациясы Биринчи Дивизион 1925-жылы түзүлгөн, 1927-жылдан бери КОНМЕБОЛ мүчөсү

ДЧ катышуулар түзөтүү

Дүйнө чемпиондуктарына тандоодон өткөн өлкөлөрдүн тизмеси. Чемпион калың шрифт менен белгиленген.

  • 1930(-) — Аргентина, Боливия, Бразилия, Чили, Парагвай, Перу, Уругвай
  • 1934(Q) — Аргентина, Бразилия
  • 1938(Q) — Бразилия
  • 1950(Q) — Боливия, Бразилия, Чили, Парагвай, Уругвай
  • 1954(Q) — Бразилия, Уругвай
  • 1958(Q) — Аргентина, Бразилия, Парагвай
  • 1962(Q) — Аргентина, Бразилия, Чили, Колумбия, Уругвай
  • 1966(Q) — Аргентина, Бразилия, Чили, Уругвай
  • 1970(Q) — Бразилия, Перу, Уругвай
  • 1974(Q) — Аргентина, Бразилия, Чили, Уругвай
  • 1978(Q) — Аргентина, Бразилия, Перу
  • 1982(Q) — Аргентина, Бразилия, Чили, Перу
  • 1986(Q) — Аргентина, Бразилия, Парагвай, Уругвай
  • 1990(Q) — Аргентина, Бразилия, Колумбия, Уругвай
  • 1994(Q) — Аргентина, Боливия, Бразилия, Колумбия
  • 1998(Q) — Аргентина, Бразилия, Чили, Колумбия, Парагвай
  • 2002(Q) — Аргентина, Бразилия, Эквадор, Парагвай, Уругвай
  • 2006(Q) — Аргентина, Бразилия, Эквадор, Парагвай
  • 2010(Q) — Аргентина, Бразилия, Парагвай, Чили; Уругвай

Жалпы катышуулар

Президенттеринин тизмеси түзөтүү

КОНМЕБОЛ президенттеринин тизмеси:

Сүрөтү Аты Өлкөсү Мөөнөтү
1. Файл:Hector Rivadavia Gomez.jpg Эктор Ривадавия Гомес   Уругвай 1916—1936
2.   Луис Салеси   Аргентина 1936—1939
3.   Луис Валенсуэла Эрмосилья   Чили 1939—1955
4.   Карлос Диттборн Пинто   Чили 1955—1957
5.   Жозе Рамос де Фрейтас   Бразилия 1957—1959
6.   Фермин Сорета   Уругвай 1959—1961
7.   Рауль Коломбо   Аргентина 1961—1966
8.   Теофило Салинас Фульер   Перу 1966—1986
9.   Николас Леос   Парагвай
  Колумбия
1986—2013
10. Эухенио Фигередо   Уругвай 2013-жылдын 30-апрелинен баштап[1]

Кошумча караңыз түзөтүү

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Eugenio Figueredo asumió oficialmente la presidencia de la CONMEBOL (исп.). conmebol.com (30 Abril 2013). Текшерилген күнү 30 Апрель 2013. Түп булактан архивделген күнү 11 -май (бугу) 2013.

Шилтемелер түзөтүү

Калып:КОНМЕБОЛ турнирлери

Калып:КОНМЕБОЛ лигалары Калып:Түштүк Америка улуттук футбол кубоктору (КОНМЕБОЛ)

Калып:Эл аралык клубдук футбол