КУТАН Торгой уулу (1893, Каракол уезди, Аксуу болушу, Акбулуң айылы–1961) – чегарачы.
1918-ж.
Караколдо кызыл гвардиячылардын катарына өтүп, 1919-ж-га чейин Анненковдун бандаларына каршы согушкан.
1922-ж-га чейин Совет бийлиги чыңдоого катышып, 1922–40-ж. ж-а 1944–46-ж. чегарада кызмат өтөгөн.
1930–36-ж. чегараны бузуучуларга каршы күрөшүү үчүн ыктыярдуу кошуун түзүп, Түндүк Кыргызстанда басмачылардын бир нече тобун талка-лоого катышкан.
1946–47-ж. Акбулуң колхозунун башкармасы болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003