Каапыр (арабча кьафир — динсиз) — ислам динин тутпаган элдин жалпы аталышы. Бардык варианттардагы окуяларда эскерилет. Эпос боюнча кыргыздар жана ага канатташ калктар, уруулар мусулман катары каралса, душмандар — кытай, калмак, ойрот, маңгул жана башкалар К. деп аталат. К. диний-этникалык жалпы ат катары колдонулуп, тяш боор, кара мүртөз, өзүмчүл адамдар да К. аталган. К. өзүнүн диний маңызынан ажыратылып, “акылсыз”, “эссиз”, “түркөй”, “ыймансыз” маанисинде да колдонулат. Мисалы, кытайдын эр Жолою өз жылкычыларына “ат минбеген каапырлар...” деген ачуу сөз айтат (Сагымбай Орозбаков, 4. 313). Байбичеси Чыйырдыны бай Жакып: “Эсирген кандай каапырсың?” (Сагымбай Орозбаков, 1.19),— деп жемелейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4