Каатинга
Каатинга (португалча caatinga жана тупи индейлер тилинде caa токой, tinga ак; ачык токой)– Бразилиянын түндүк-батыш аймактарына мүнөздүү майда жалбырактуу жапыз (бийиктиги 8-10 мге чейин) ксерофиль дарактары менен бадалдарынан туруучу тропиктик жалбырагы күбүлмө сейрек токой. Тикендүү өсүмдүктөр (негизинен кактус, агава ж. б.) арбын. Узакка созулган кургакчылыктан (8-9 ай) көпчүлүк бак-дарактар жалбырагын түшүрөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5