Кабак көмүр бассейни Көкөмерен суусунан чыгышка Соң-Көл көлүнө чейин, 75 км аралыкка созулуп жаткан юра катмарынын тилкесин камтыйт. Бассейн түштүгүнөн Молдо-Тоо, түндүгүнөн Кабак тоолору менен чектелген. Кабак бассейнине Каракече өрөөнүндө жайгашкан Каракече кени, Доңуз кенчеси, Көк-Мойнок өрөөнүндө жайгашкан – Миңкуш, Көкмойнок, Кашкасу кендери, Саркамыш, Карачал кенчелери кирет. Карачал кенчеси Көкөмерен суусунун сол жээгинде, Карачал менен Табылгаты сууларынын аралыгында жайгашкан. Юра мезгилинин чаканыраак катмарында калыңдыгы 0,6 мге чейин болгон 3 кабат жана көмүрдүн линзалары кездешет. Саргамыш кенчеси (Көкөмерен аянты) Көкөмерен суусунун сол жээгинде, Миңкуш суусунун Көкөмеренге куйган жеринен төмөн жайгашкан. Юра катмарында көмүр бар экени белгисиз, себеби аны төртүнчүлүк мезгилдин катмары жаап турат. Доңуз кенчеси Батышкерегеташ жана Доңуз сууларынын ортосунда, Каракече кенинин батыш тарабында жайгашкан. Юра катмары неоген тоотектеринин алдында жатат. Көмүрлүү катмарда калыңдыгы 6,7 м; 22,5 м, 3,7 м болгон 3 кабат кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү