Кабак тоосуИчки Теңир-Тоодо. Жумгал жана Миң-Куш (Муң-Куш) тектоникалык ойдуңдарын бөлүп турат. Жумгал районунун аймагында.

Узундугу 40 км, эң жазы жери 16 км. Орточо бийиктиги 3400 м, эң бийик жери 4144 м (Кашка-Суу чокусу). Негизинен гранит-диорит жана гранит интрузия тектеринен турат. Тоодон таш көмүр кени чыгат (Кара-Кече көмур кени). Батышынын капталы тик, зоокалуу, куюлган кум-таштар жаз-күз мезгилдеринде жолду бөгөп, Көкөмерен суусуна чейин түшөт, чыгышы жапыздап ашууга өтөт.

Талаа жана шалбаалуу талаа (2400-2500 м), карагай-бадалдуу шалбаа (2800-2900 м), субальп жана альп шалбаасы жана сейрек бетегелүү талаа (3300-3500 м), андан жогору субнивалдык ландшафттуу. Түндүк-чыгыш капталында (Кара-Кеченин ичинде) карагайлуу токой массивдери кездешет. Жайыт. Кабак суусунун нугуна жакын кен казып алуудан калган уулуу тектердин калдыктары жатат. Экологиялык кырдаалы кооптуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү