Кабанис, Пьер Жан Жорж (1757–1808) – француз философ-материалисти жана врач. Жирондисттерге жакын болгон жана алар менен бирдикте 18-брюмердеги контрреволюциячыл төңкөрүшкө катышкан. Декарттын физикасын колдонгон жана «картезиандык материализмди» иштеп чыккан француздук материалист философторунун мектебинин өкүлү болгон.

Пьер Жан Жорж Кабанис.

Материя түзөтүү

Материя менен адам психикасынын айкалышы тууралуу маселени материалисттик маанайда чечүү менен Кабинис аталган проблеманы чечүүдөгү бир катар механикалык жөнөкөйлөштүрүүлөргө жол берген жана ой жүгүртүү материянын физиологиялык продуктысы болуп эсептелет деген пикирде болгон. Ошондой эле ал секрециялар ашказан безинин, боордун же кулак түбүндөгү бездердин продуктысы болгон сыяктуу ой жүгүртүү да мээнин ошол сыяктуу продуктысы болуп эсептелет деген. Мындай аналогия Кабанис вульгардуу материализмдин алгачкы өкүлдөрүнүн бири катары эсептөөгө негиз болот. 18-кылымдын аягындагы илим дагы да болсо физикалык менен психикалык биримдиги тууралуу маселени диалектикалык мүнөздө чечүүгө мүмкүндүгү жок болгондуктан, Кабанисти вульгардуу материализмге киргизүүгө каршы экендиктерин билдиришет. “Rapports du physique et du moral de l”homme” (1802) деп аталган чыгармасында Кабанис кыймылды материянын ажырагыс касиети катары караган (кара: «Отношение между физическою и нравственною природою человека», т. 1, СПБ, 1865, с. 219) Ал асман телолору менен жаныбарлар дүйнөсүнүн эволюциясы тууралуу идея менен жакшы тааныш болгон; ошондой эле Кабанис адам баласы өз башынан өткөргөн « сансыз түр өзгөртүүлөр» жана «өтө маанилүү өзгөрүүлөр» тууралуу пикирдин автору болгон («Отношение между физическою и нравственною приодою человека», СПБ, 1866, с. 245). Кабанестин материализми жана атеизми андан мурда жашаган 18-кылымдагы француз материалисттеринин улуу муунундун өкүлдөрүнө караганда удаалаш жана курч мүнөздө болгон эмес. Кабанестин материализмден четтеген айрым учурлары (кандайдыр бир ички сезимталдыктын болушу жана агностикалык идеялар) кийин буржуазиялык тарых илими тарабынан Канестин материализмин жана атеизм философиясын жаңылыш четке кагууга түрткү Берген ( кара: мисалы, “La Grande Encyclopedie”, t. 8 P., 573–75) Дестоют де Траси менен бирдикте Кабенестин ишмердүүлүгү медицина менен физиологиянын өнүгүшүнө зор таасир берген. Анын окуусунун таасири астында 18-кылымдагы америкалык врач материалисттер (Купер, Реш, Бьюкекнен) өз көз караштарын өнүктү-рүшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү