КабасайАлабука району аркылуу аккан суу, Сырдарыянын оң куймасы. Узундугу 96 км, алабынын аянты 724 км2.

Кабасай
Мүнөздөмө
Узундугу 96 км
бассейндин аянты 724 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Жалал-Абад облусу
Район Ала-Бука району

Чаткал кырка тоосунун түш. капталынан башталат. Жогорку бөлүгүндө терең ж-а кууш капчыгай аркылуу агып, Каба кыш-на жеткенде тектирлүү жайык өрөөнгө өтөт. Эскабад кыш-на жакын салааларга бөлүнөт. Апрелде кирип, августта тартылат. Жылдык орт. чыгымы 6,02 м3/сек, эң көбү 20,2 м3/сек, эң азы 1,35 м3/сек. Сугатка пайдаланылгандыктан Сырдарыяга жетпейт. Боюнда Чуст ш., Пап, Эскабад, Кожабад кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2