Кабриолет

1) жеңил автомобилдин үстү ачылма болуп жумшак кендирден жасалган кузовунун аталышы. Кузовунун капталдарында эки эшиги бар «кабриолет-купе» жана 4 эшиктүү «кабриолетседан» түрүндө болот. Ушундай кузовдуу жеңил автомобилди ысык климаттуу өлкөдө пайдалануу ыңгайлуу.

2) Бир ат чегилген эки дөңгөлөктүү чүмкөлүп ачылма жеңил араба.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.