Кавитация - (латын тилинде cavitas боштук, көңдөйчө) – суюктуктагы газ, буу же алардын аралашмасы менен толгон майда көңдөйчө (көбүкчө же каверн). Кавитация суюктукта басым белгилүү бир кризистик мааниден (ркр) төмөн болгон чекитте пайда болот. Суюктукта ркр чоңдугу ал суюктуктун берилген температурадагы каныккан буунун басымына барабар. Эгерде басым агымдагы ылдамдык көбөйгөндө төмөндөсө, анда гидродинамикалык Кавитация, ал эми өтө ургаалдуу үн толкундары өткөндө пайда болсо, акустикалык Кавитация деп аталат. Гидродинамикалык Кавитация реалдуу суюктуктарда ар дайым белгилүү санда газдын же буунун көбүкчөлөрү пайда болот. Алар суюктук менен бирге агып, басым р<ркр болгон чөйрөгө өтөт. Натыйжада алардын тең салмактыгы жоюлуп, көлөмү чоңоёт. Көбүкчөлөр агым менен бирге жылып, кризистик басымы жогору чөйрөгө өтөт. Бул жерде көбүкчөлөрдүн көлөмү кичиреет да, түтүктүн кууш жеринде «кавитациялык чөйрө» түзүлөт. Суюктук басымы төмөн жерге келгенде, көбүкчөлөр жарылып, алардын көлөмү абдан кичиреет да, гидравликалык кагылышууга окшош үн импульстары пайда болот. Эгерде агымдын бетинде Кавитациялык тешиктер (каверн) пайда болсо, андагы кагылышуудан нерсенин (гидротурбина калактары, кеме винти ж. б.) бети оюлуп, бузула (Кавитациялык эрозия) баштайт. Кавитация гидротурбинанын, суюктук насосторунун, кеме винтинин ж. б. иштешине тоскоолдук жасап, кыйрашына алып келет. Мындай Кавитация гидростатикалык басымды көбөйтүү констр. элементтердин формасын тандоо менен азайтылат. Кавитациялык эрозияны төмөндөтүү үчүн жумушчу калакчалар дат баспас болоттон жасалат. Акустикалык Кавитация суюктукка белгилүү бир амплитудадагы үн жибергенде, анын таралуусунун жарым мезгилине барабар убакыттын ичинде байкалат. Бул көбүкчөлөр жарылганда, суюктук өтүүчү материалдын өзүн буза турган, кыска убакытка (10-6сек) созулган басым импульсу 109 Па га чейин жана андан жогору болот. Кавитациялык көбүкчөлөр жарылганда басым жогорулайт жана анын ичиндеги газ адиабаттык түрдө 10000°С ге чейин ысыйт. Ошол себептен К. кезинде көбүкчөлөрдүн жаркыроосу (үн люминесценциясы) байкалат. Көбүкчө ичиндеги газдар иондошот. Акустикалык Кавитация бир топ физикалык кубулуштарга (катуу заттардын бузулушу ж. б.) себепкер болот. Ультра-үндүн (биология, медицина ж. б) кеңири колдонулушу Кавитация кубулушуна байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү