Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши. Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт. Оюнда кагаз баракчалары колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар кагаз баракчаларынан самолёт жасашып, бир катар болушуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден колдору менен катуу шилтешип кагаз баракчаларынан жасашкан самолётторун бийик жана алыстыкка учурууга аракеттенишет. Оюнчулардын аракети алар каалашкан убакытка чейин уланышы мүмкүн. Кагаз самолётун бийик, көпкө чейин жана алыс учурган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, самолёттору жерге түшмөйүнчө тийүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч тарбияланат, эмгектенүүгө, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү