Кадам өлчөгүч – канча кадам басканды өлчөгүч аспап. Чөнтөк саатка окшоп, кадамдын санын көрсөтүүчү үч жебеси жана аларды кайрадан алгачкы абалына алып келүүчү топчусу болот. Басып өтүүчү аралыкты (он мүнөт же жүз миң кадам) болжолдуу аныктоо үчүн көз менен өлчөөсү съёмкада же спортсмендердин машыгуусунда колдонулат. Баштыкка салып, адам бир жерине илип алат. Басканда кыймылдап туруусу үчүн огуна жүк кыстарып коёт. Бут шилтегенде пружинанын таасиринен жүк ары-бери чайпалып, аспаптагы дөңгөлөкчөнү, аны менен жебени айландырат. Жебенин биринчиси – бирдик, экинчиси – жүздүк, үчүнчүсү – миңдик кадамдын санын көрсөтөт.