Сыйынуучу кудайдын колдон жасалган кебетеси. Манас эпосундагы кытайлар бутпарас динидеги адамдар деп айтылат. Ошондой эле "бурканына сыйынып" деп да айтыла берет. "Бут" жана "буркан" синонимдер катары берилет. Ортосундагы айырмачылыктар так көрсөтүлгөн эмес. Манасчы Балыкооздун санжырасында кыргыз эли мусулманчылыкка киргенге чейин кутка табынганын эскерет."Кут" сөзү, убагында жанына салып жүрүп же үйгө коюп сыйынган кудайдын кейиптери экендигин айтат. Бут кыргыз тилине санскриттен кытай тили аркылуу кирген. Кыргыздарда бутка сыйынуу көрүнүшү алгач ирет 1602-ж. жазылган араб тилиндеги «Зийа ал-кулуб» аттуу чыгармада баяндалат. Мында Чыгыш Түркстанда жашоочу кыргыздардын бир бакка илинген күмүш бутка жана анын тегерегине илинген таштан жана жыгачтан жасалган 2000дей буттарга сыйынганы тууралуу айтылат. Демек кыргыздар 16-кылымда буркан дини менен тааныш болгон. Бул ойду “Манас” эпосу да ырастап турат:
«Жамандык көргөн күнүңдө,
Жалынып келсең чоң колдойт,
Бут койдуруп бултуйтуп,
Эки ууртун дулдуйтуп»
(Сагымбай Орозбаков, 1. 178).

"Манас" эпосунда Бут алтындан да жасалат деген маалыматтар бар.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү