1. Бул — катуу буюм-тайымдарды, шаймандарды оңдоо, керекке жаратуу. Демек, кадоодо устанын бөтөнчөлүктөрү билинет. Сынган, бүлүнгөн, жарылган, тешилген, көзөлгөн нерсени же буюмду жиксиз кынаптап бириктирүү. Көбүнчө жыгач, темир, калай, жез буюмдарды септөөдө кадоо чеберчилиги колдонулат. Анын ар кандай ыкмасы бар. Оор, калың жана жоон нерселердин эки жагына бирдей шакшак сымал кадооч нерсе коюшат. Сыйда буюмдардын ички же сырткы кадоосу билинбегендей, жымсалыраак көрүнгөндөй бөрк менен бекитет. Мындай нерсенин кадоосу чыкпасы үчүн бөрктөөдөн мурун анын астына эбелек коюшат. Кээде кадоонун учун кичине гана кылтыйтып чыгарып, аны балка менен билинер-билинбес бөрктөп да коет. Буга оңтойлуу жумшак темир, жез, мис, калай көбүрөөк колдонулат.

2. Эки жагына бөрктөлүп урулган мык. Ал жарыгын, же капталган катмарын эпкелиштирип кадаш, бекитиш үчүн колдонулат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)