Кадырова Асипа
Кадырова Асипа - акын, жазуучу. Кемин районунун Советское айылында 1931-жылы 6-августта туулган. Токмок шаарынан 7-классты аяктап, 1946–1949-жж. педагогикалык окуу жайынан окуп, башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болгон. Кичи-Кеминде 15 жыл мугалимдик кесипте эмгектенген.
1963–1968-жж. В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунун орус тили жана адабияты бөлүмүндө окуган.
А.Кадырова Мамлекеттик басма комитетинде улук редактор болуп 15 жыл иштеген. 1986-жылдан эмгек ардагери.
1979-жылы жолдошу Ш.Кызаевдин “Турмуш багыты” аттуу китебин түзүп, анда өзүнүн “Өрүлүк” жана “Адам болсоң ардуу бол” пьесалары жарык көргөн.
1978-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүүНамыс: Аңгемелер: Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1978. – 60 б.
Элестүү күндөр. – Ф.: Мектеп, 1982. – 70 б.
Асылкан: Повесть. – Б.: Бийиктик, 2009. – 107 б.
Ырларым менен сырларым: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2009. – 48 б.
Котормолору
түзөтүүРоман Сеф. Алтын кылыч: Кенже балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1976. – 105 б.
Эфетов. Валдай жылаажындары: Повесть, тестиер балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1978. – 102 б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|