Кадыров Акжол - жазуучу, коомдук ишмер. Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында 1935-жылы 1-майда туулган.

1958-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун чет тилдер факультетининин англис тил бөлүмүн, 1968-жылы Ташкендеги Жогорку партиялык мектептин айыл чарба бөлүмүн, 1982-жылы Намангандагы Энгельс атындагы айыл чарба техникумунун зоотехника бөлүмүн артыкчылык дипломдору менен бүтүргөн.

Эмгек жолун 1952-жылы Чаткал райондук партия комитетинде техникалык катчы кызматында иштөө менен баштаган.

1952-1954-жж. Чаткал райондук социалдык камсыздоо бөлүмүндө башкы инспектор жана Эл депутаттарынын райондук советинин алдындагы техникалык инженер-куруучу, 1958-1959-жж. Өзгөн шаарындагы № 2 В.И.Ленин атындагы орто мектепте мугалим, 1959-1963-жж. Ала-Бука районундагы №1 Ала-Бука орто мектебинде англис тили боюнча мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1963-1966-жж. Жаңы-Жол райондук партия комитетинде инструктор, бөлүм башчы, 1968-1975-жж. Жаңы-Жол райондук элдик контролдоо комитетинин, 1975-1982-жж. Ала-Бука райондук элдик контролдоо комитетинин төрагасы, 1982-1991-жж. Ала-Бука райондук партия комитетинин экинчи катчысы, 1991-1992-жж. райондук ишке жайгаштыруу борборунда директор, 1992-1994-жж. райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, 1994-1995-жж. Ала-Бука токой чарбасынын директору, 1995-2002-жж. Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси, 2002-жылдан райондук керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча инспекциясынын башкы инспектору болуп эмгектенип келген. 2005-жылдан Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияда.

В.И.Лениндин туулгандыгынын 100 жылдыгына карата «Эмгектеги артыкчылыгы» жана «Эмгектеги каармандыгы үчүн», Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 1945, 1955-жж., медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин, Ош облустук, Ала-Бука райондук партия комитеттеринин, СССР, Кыргыз ССР жана Ош облустук элдик контролдоо комитеттеринин, Жалал-Абад облусттук мамлекеттик администрациясынын жана Ала-Бука райондук акимчилигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына татыктуу болгон. 1969-1991-жж. Жаңы-Жол жана Ала-Бука райондук партия комитеттеринин бюро мүчөсү, 1969-1995-жж. райондук жана Ош, Жалал-Абад облустук кеңештерине депутат болуп шайланган.

СССР «Элдик контролдоо комитетинин отличниги», Кыргыз Республикасынын «Эл агартуусунун отличниги» жана Кыргыз Республикасынын «Агартуусунун отличниги» төш белгилеринин ээси.

Тарыхчы жана энциклопедист катары Ош, Жалал-Абад облустук энциклопедияларынын активдүү авторлорунун бири.

Аңгеме, очерк, публицистикалык чыгармалардын автору, бир топ сынактардын жеңүүчүсү. Ала-Бука районунун, Чаткал районунун жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн ардактуу жараны.

2007-жылы Президенттик стипендиянын стипендианты болгон.

1990-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 2002-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Ала-Бука районунун тарыхы. - Б., 2003. - 182 б.

Ала-Бука району: Энциклопедия. - Б., 2005. - 328 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү