Кадыров Жумадин - акын жана жазуучу. Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө 1967-жылы 16-ноябрда туулган. 1985-жылы орто мектепти аяктап, Тамбов облусундагы И.В.Мичурин атындагы мамлекеттик педагогикалык институтунун Орус тили жана адабияты факультетине тапшырган.

1986–1988-жж. Владивосток шаарында аскер кызматын өтөгөн.

1989–1992-жж. И.В.Мичурин мамлекеттик педагогикалык институтунан билим алган.

Эмгек жолун “Аалам” гезитинде кабарчы болуп иштөө менен баштаган.

1993–1995-жж. жаштардын “Тулпар” адабий-көркөм журналында редактордун орун басары болуп иштеп, 1997-жылы “Бийиктик” басмаканасын уюштурган. Ошондон бери ушул ишкананы жетектеп келет.

Алгачкы “Утурумдук коштошуу” деп аталган ырлар жыйнагы 1995-жылы жарык көргөн.

2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Утурумдук коштошуу: Ырлар. – Б., 1995. – 80 б.

Асмандан кулаган киши: Повесть жана аңгеме. – Б.: Бийиктик, 1998. – 80 б.

Бүбү Мариям: Баян. – Б.: Бийиктик, 2007. – 336 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү