Кажырты
Кажырты – Соң-Көлдөн башталган суу, Нарын району аркылуу агып, Нарын дарыясына куят. Узундугу 62 км, алабынын аянты 1960 км2. Жогорку агымында Соң-Көл деп аталып, кууш жана терең капчыгай аркылуу агат. Ири куймалары: Кара-Тал (35 км; оң); Төр-Суу (21 км), Кең-Суу (19 км), КумдууСуу (16 км), Баткак-Суу (15 км; сол). Жылдык орточо чыгымы 5,2 м3/сек. Кажырты Соң-Көлдүн деңгээлинин жылдык өзгөрүүсүнө карата майда кире баштап, сентябрда тартылат.
Кажырты
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 62 км |
бассейндин аянты | 1 960 км² |
Суу чыгымы | 5,2 м³/с |
Суу агымы | |
Аягы | Нарын дарыясы |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Нарын облусу |
Район | Нарын району |
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5