Казандагы 2013-жылкы Жайкы Универсиада

}}

XXVII Дүйнөлүк Жайкы Универсиада — студенттер менен жаштардын 2013-жылы 6-17-июлда өткөн бүткүл дүйнөлүк спорттук мелдеши. Бул эл аралык спорттук иш-чара Орусиянын Татарстан жумуриятынын ордо шаары Казанда өтөөрү алдын-ала белгиленген. 2013-жылкы универсиадада жаш спортчулар спорттун 27 түрү боюнча 251 медал үчүн ат салышууда. Пост-советтик Орусияда алгачкы жолу өткөрүлгөн бул эл аралык жаштар мелдешине 162 өлкөнүн (анын ичинде Кыргызстандын да) өкүлдөрү келишти.

Казан шаарындагы XXVII Жайкы Универсиада (2013-жыл)
Маалыматтар
Уюштуруучу шаар Калып:Туу Казан (Татарстан)
Урааны U are the world
Ойнотулуучу медалдар 351
Ачылыш аземи 2013-жылдын 6-июлу (текенин 6сы)
Жабылыш аземи 2013-жылдын 17-июлу
Стадиону Kazan-arena
Хронологиясы
{{{Сайты}}}
[[Image:|95px|alt=]] [[Image:|105px|alt=]]
Cup and Flame of Universiade at Kazan Arena
Орусиянын президенти В.Путин 2013-жылкы Универсиаданын ачылыш аземинде

Бул спорттук иш-чараларга кошул-ташыл “маданий Универсиада” өткөрүлүп, ал татарлардын улуттук майрамы – “сабантуй” менен эриш-аркак жүрдү.

Кыргызстандыктардын ийгиликтери түзөтүү

Казандагы 2013-жылкы дүйнөлүк универсиадада кыргызстандык 98 спортчу улан-кыздар спорттун 12 түрүнөн катышууда.

Казандагы дүйнөлүк универсиаданын экинчи күнүндө (2013-жылы 7-июлда) бел кур күрөшү боюнча кыргызстандык эки спортчу алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Казанга барган Ала-Тоолук делегациянын мүчөсү Эркин Абдылдаев басма сөз өкүлдөрүнө кабарлады. Анын айтымында, 100 килограмм салмактагылар арасында Нурбек Аканов жана 82 килограмм салмактагы Нурбек Кожобеков финалда өз атаандаштарын жеңип, чемпион аталды. Ушундай эле спорт түрү боюнча 68 килограмм салмактагы Канимет Барпыбеков коло байгени багындырды.

Казандагы дүйнөлүк универсиаданын үчүнчү күнүндө (8-июлда) кыздар арасында бел кур күрөшү боюнча Нагира Сарбашева күмүш байгеге ээ болду. 76 килограммдан жогорку салмактагылар арасында Сарбашева монголиялык балбан кызды жеңип алган.

Казандагы дүйнөлүк универсиаданын үчүнчү күнүндө кыздар арасында бел кур күрөшү боюнча Бурул Алыкулова коло байгеге ээ болду. 58 килограмм салмактагылар арасында Бурул Алыкулова түркиялык балбан кыз менен беттешмек. Бирок түркиялык балбан алган жаракатынан улам күч сынашууга чыга албаганына байланыштуу жеңиш Алыкуловага ыйгарылды.

14-июлда Казанда эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин таймашуулары жыйынтыкталды. Мында 59 кило салмактагы жаштар арасында Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашы литвалык Индра Бубеляйтени утту. Айсулуу Тыныбекова орусиялык Жаралма Цыренованы 3:1 эсебинде утуп, коло байгеге жетишти. Бул ирет кыздардын эркин күрөшүндө Кыргызстандан универсиадага жалгыз Айсулуу Тыныбекова катышты.

Жигиттердин күч сынашуусунда жеңил салмакта Самат Надырбек уулу финалга чейин жетип, универсиада оюндарынын күмүш байгесине арзыган.

 
Универсиада кыштагы

Казан шаарынын тандалышы түзөтүү

2013-жылкы Жайкы Универсиаданы Казан шаарында өткөрүү тууралуу чечим Университеттик спорттун эл аралык федерациясынын Брүссел шаарында 2008-жылдын 31-майында өткөн отурумунда кабыл алынган.

Казандан тышкары бул иш-чаранын ордуна талапкер катары испандык Виго шаары жана түштүк кореялык Кванжу шаары ат салышкан.

Жалпы 27 добуштун 20сы Казан шаарынын талапкердиги үчүн берилген.

2011-жылкы Жайкы Универсиада Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өткөн болчу.

Универсиаданын мааниси түзөтүү

Дүйнөлүк Универсиада – студенттердин эл аралык башкы спорттук таймаш орду болуп саналат. Анын олимпиада оюндары менен салыштырууга болот.

Дүйнөлүк Универсиадага катышкандардын 60 пайыздан ашууну кийин Олимпиада оюндарына катышканы маалым. Алгачкы жайкы универсиада Турин шаарында 1959-жылы өткөрүлгөн болчу.

Мурдагы СССРде Жайкы Универсиада Москва шаарында 1973-жылы өткөрүлгөн.

2014-жылы кышында Орусиянын Сочи шаарында Кышкы Олимпиада өткөрүлөөрү күтүлүүдө.

Спорттук жайлар түзөтүү

 
Кабан өзөнүндөгү кайык жарыш каналы

2013-жылкы Универсиаданын мелдештерин жана башка маданий чараларды өткөрүү үчүн 64 имарат колдонулууда. Алардын айрымдары жаңы стили менен айырмаланат. (Бул тууралуу толугураак Казан шаар акимдигинин расмий порталын Archived 2011-08-29 at the Wayback Machine караңыз).

Атайын 2013-жылкы Универсиада үчүн курулган ири жайлар:

  • Казандагы Универсиада кыштагы (анда 15 миң конок жайгашат)
  • Kazan-arena аттуу футбол стадиону (45 миң кишилик)
  • Суу спорт сарайы
  • Теннис академиясы
  • «Ак Барс» күрөш сарайы
  • Казан шаарындагы «Санкт-Петербург» волейбол чордону
  • Казандагы бокс жана стол тенниси чордону
  • Казандагы Гимнастика чордону
  • Кабан көлүнөн чыккан өзөндөгү кайык жарыш каналы
 
Универсиада символу тартылган шаардык жүргүнчү автобусу. Казан шаары. 2013-жыл.

Универсиада символдору түзөтүү

 
Универсиада символу чагылдырылган дубал жазуусу
  • 2013-жылкы Жайкы Универсиаданын тумардык белгиси катары ак илбирстин (ак барс) баласы тандалып алынган. Ак Барс – Татарстандын улуттук жана тарыхый символу. Илбирс – бир кезде Булгар кагандыгындагы барсил уруусунун тотеми болгон.
  • Казан Универсиадасынын логотиби (тамгасы) — беш континенттин олимпиадалык түстөрү камтылган жоогазын жана латынча текст.
  • Казан Жайкы Универсиадасынын урааны — «You are the World» (“Сиздер – Дүйнөсүздөр”). Мындагы “Универсиада” сөзү латынча U тамгасы менен белгилденип, сөз оюну мындайча жаратылган: «U are the World». Бул сөз оюнун “Сиздер – бүтүндөй дүйнөсүздөр” жана “Универсиада – бул бүтүндөй дүйнө жүзү” деп эки ача чечмелөөгү болот.

Медалдар түзөтүү

 
Универсиада-2013 медалдары

Эки апталык мелдеш учурунда 351 медал үчүн спортчулар ат салышат. Жалпысынан 3014 медал жасалды (айрым топтук оюндарда медал жеңген топтун ар мүчөсүнө ыйгарылат).

Медалдар жез менен никелдин кошулмасынан уютулган. Санкт-петербургдук чеберлер жараткан бул медалдарга тийешелүү алтын, күмүш же коло (6 граммдан) кошулган.

Спорт түрлөрү түзөтүү

 
Спорт түрлөрү тууралуу көчө жарнагы

2013-жылкы Жайкы Универсиадага 27 спорт түрү киргизилди. Анын ичинен 13ү – милдеттүү жана 14ү – кошумча спорт оюндары. Алардын ичинен 5 түр – жаңыдан кошулду.

Кошумча (милдеттүү эмес) спорт түрлөрүнө алгачкы ирет бел кур күрөшү, самбо, бокс, синхрондук сүзүү жана регби-7 спорт оюндары кирди.

Мелдештерде 2297 калыс көзөмөл жүргүзөт.

[[Image:|100px|alt=]] [[Image:|100px|alt=]]
билетлар

Адабият тизмеси түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү