Каза болгон акындардын коомчулугу

"Каза болгон акындардын коомчулугу" (англ. Dead Poets Society, орус. Общество мёртвых поэтов) - 1989-жылы Питер Вейр тарткан америкалык драма. Тасманын сценарийин Том Шулман жазган жана башкы ролду Робин Уилиямс аткарган. Тасмадагы окуя 1959-жылдагы Вермонт аймагында ойдон чыгарылган элиталык жана консервативдүү Велтон Академиясы аттуу пансиондо орун алган. Тасма поэзияны үйрөтүү аркылуу окуучуларына дем-күч берген англис тил мугалиминин окуясын баяндайт.

Тасма киносынчылардын жылуу пикирине ээ болуу менен ийгиликтүү сатылган. Ошондой эле, БАФТА сыйлыгынын "Эң мыкты тасма" наамын жана "César Award" менен "David di Donatello Award" сыйлыктарынын "Чет тилдеги эң мыкты тасма" наамын жеңип алган." Ал эми Шулман "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты түп-нускадагы сценарий" наамын жеңип алган.

Цитаталар

Тасмадагы "Carpe diem. Балдар, мүмкүнчүлүктөрдү колдонгула!. Жашооңорду өзгөчө кылгыла" деген цитата "Америкалык Кино Институту" тарабынан тасмадагы 95-эң мыкты цитата деп добуш беришкен.

2014-жылы Робин Уиллиямстын өлүмүнөн кийин анын фанаттары анын сүрөтүн жана тасмадагы "Капитан! Менин капитаным!" аттуу анын аткаруусундагы видеону колдонуу менен социалдык медия аркылуу эскерүү кылышкан.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү