Казиев Асанкадыр – жазуучу. Жети-Өгүз районунун Чырак айылында 1951-жылы 2-октябрда туулган. 1969-жылы Аң-Өстөн орто мектебин аяктаган.

Эмгек жолун М.В.Фрунзе атындагы колхоздо чабан болуп иштөөдөн баштаган. 1971-1973-жж. Каракол педагогикалык институтунда билим алган.

1973-1985-жж. Жети-Өгүз айылдык керек-жарак кооперативинде дүкөндүн башчысы, 1985-1996-жж. Жети-Өгүз мамлекеттик адистештирилген чарбада маданий кызматкер, 1996-жылдан Чырак айылында дыйкан-фермер болуп эмгектенип келет.

2000-жылы «Апакем» аттуу алгачкы ыры «Ысык-Көл кабарлары» гезитинде жарык көргөн. Ошондон баштап чыгармалары облустук, республикалык басма сөздөрдө жарыяланып келет.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Жети-Өгүз кайрыктары: Ырлар. - Б.: Мастер Принт, 2001. - 32 б.

Белгилүү инсан Бейше Жапаров: Эскерүүлөр. – Б.: Эркин-Тоо. – 164 б.

Балбай баатырдын керээзи: Дастандар. - Б.: Эркин-Тоо, 2004. - 104 б.

Ат жалындагы ырлар: Ырлар жана дастандар. - Б.: Гүлчынар, 2009. - 96 б.

Тамгалар ырдайт: Балдар үчүн. - Б.: Принт экспресс, 2009. - 36 б.

Жаныбарлар табышмактары: Балдар үчүн. - Б., 2009. - 14 б.

Канаттуулар табышмактары: Балдар үчүн. – Б., 2009. – 16 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү