Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн кумдуу келген көлдүн жээгинде өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Казыктар, чакаң .таштар.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар казыктарын бир бирине жакын кылып жерге коомай ыргытышып, өздөрү 10—15 м. аралыкта бир катарга тизилишет. Оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат,

Оюндун баяны түзөтүү

Катышуучулар кезектери келген де, чакан таштар менен коомай кагылган казыктарды уруп жыгылтуу керек. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Казыктарды көп жолу уруп жыгылткан оюнчу жеңет.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун шартын, кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчээктик тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү