Казык тоолорАлайкуу кырка тоосунун тармактары; бири бирине жарыш жаткан үч тоодон (Чоңказык, Ортоказык жана Кичиказык) турат. Көксуу жана Терек тоо тоолорунан башталып меридиан багытында созулуп жатат. Жалпы Узундугу 30 кмдей. Орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4800 м (Манастын ээри). Капталдары негизинен жантайыңкы.

Ойтал чуңкурдугунда тик, аскалуу. Түндүктөн түштүктү карай бийиктейт. Айрым жерлерде аскалуу жана муз доорунда талкаланган моноклиналдуу жарыш жаткан кырлар, тектирлүү беттер мүнөздүү. Ортоңку бөлүгүндө байыркы мөңгүлөрдүн издери байкалат. Көксуу жана Терек тоолорунун кошулган бөлүгүндө мөңгүлөр (Манастын ээри, Аюу тапан, Музтаг жана башкалар) бар. Негизинен субальп жана альп шалбаалары (2800–3900 м бийиктикте), кар мөңгүлүү ландшафт алкактары мүнөздүү. Токой да кездешет. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү