Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 15—20 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда токолдон улат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Тегерек сызык сызылат, оюнчулар эки тарапка бөлүнүп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат. Оюндун кезеги боюнча.бир тараптын оюнчулары тегеректин ортосуна отурушуп, алардын ичинен корукчу болот. Экинчи тараптын оюнчулары тегеректин сыртында турушат.

Оюндун баяны түзөтүү

Тегеректин сыртындагы оюнчулар тегеректин ичинде отурган оюнчуларды топ менен урганы аракеттенишет. Корукчу, отургандарга топту тийгизбей коруйт. Корукчу ыргытылган топту тийгизбей кайтарса же кармап алса, оюнчулар ордулары менен алмашышып, оюн кайрадан башталат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Топ менен көп жолу урууга үлгүргөн тараптын оюнчулары жеңишке ээ болушат.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Тегеректин сыртындагы оюнчуларга топту бири бирине бергенден кийин отургандарды урууга, бир оюнчуга, ар дайым корукчу болууга, отурган оюнчуларга, ордунан турууга, жылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн убагында корукчуну алмаштырууга болот. Оюндун эрежесин бузгандан кийин, оюнчулар ордулары менен алмашууга туура келет.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, ыргытуунун, тутуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү