Кайкы

1) тоолордун кыр бөлүгүндөгү жапыз бел баскак жер. Ал тектон. же эрозия-денудциялык процесстерден пайда болот. Жапызыраак кайкылардын айрымдары ашуу катары пайдаланылат.

2) Антиклиналдык бүктөлүүнүн жон бөлүгү.

3) Жогорку басымдуу эки ж-а төмөнкү басымдуу эки облустардын аралыгындагы бар талаасында кайчылаш жайгашкан мейкиндик. Кээде «накыс» деп да аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2