Кайрак таштар– 12–14-кылымда мусулмандардын жана түрк-несториандардын көрүстөнүнө коюлган таш эстеликтер. Мусулмандарга таандык эстеликтер араб тилинде, ал эми несториандардыкы (христиандардыкы) сирия-түрк тилдеринде жазылган. Эстеликтерди алгачкылардан болуп орус чыгыш таануучулары изилдеген. 1897-жылы археология сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийриминин мүчөлөрү Караханийлер кагандыгынын борбору Өзгөн шаарынан кайрак таштардагы жазууларды (12–13-кылым) табышкан. Шаар учурунда админ., соода-сатык, кол өнөрчүлүк жана маданий борбор болгондуктан, Шаш, Самаркан, Нишапур жана Бейхактан көп адамдар келишкен, ошондойэле көчүп келген арабдардын укум-тукумдары дагы жашаган. Өзгөндө табылган эстеликтердин эң баалуулары болуп ан-Нисабури шейхтеринин көрүстөндөрүнө коюлган эстеликтер саналат. Шейхтер Нишапур шаарынан келишкен жана Өзгөндө диний артыкчылыкка ээ болушкан. Моңгол доорунан кийинки Тимурийлердин башкаруу мезгилине таандык кайрактар да табылган. Кайрак таштар мазмуну боюнча суфизмдин диний-философиялык багытта өнүгүшүн жана Фергана өрөөнүндөгү моңгол доорунан кийинки коомдук өнүгүүнүн социалдык жана идеологиялык структурасын чагылдырган. Баласагун шаарынын ордунан табылган кайрак таш моңгол дооруна чейинки мезгилдерге таандык. Кайрактар диний катмардын өкүлдөрү – факихтерге, муфтийлерге, имамдарга, дин таануучуларга жана таратуучуларга тургузулган. Азыркы күндө Кыргызстандын аймагында исламдын диний чөйрөсү менен байланышкан 200дөн ашык кайрак таш белгилүү. Моңгол дооруна чейинки кайрактагы несториан жазуулары 1907-жылы Пишпек, Бурана көрүстөндөрүнөн жана 1967-жылы Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Жууку суусунун боюнан табылган. Жазуулардагы айрым түрк сөздөрү менен катар адамдардын ысымын эске албаганда, алар сирия-түрк тилинде жазылгандыгын көрөбүз. Жазуулар орто кылымдарда жергиликтүү түрк урууларына сириялыктардын таасири күчтүү болгондугун ырастайт. Алар өзүлөрүнүн маданиятын, тилин жана жазуусун, ошондой эле христиан динин таратууга аракет кылышкан. Табылган эстеликтер Санкт-Петербургдагы Эрмитажда, Ташкен, Алматы жана Бишкек шаарынын музейлеринде сакталып турат.

Адабият

түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.