Кайыңды (Кемин району)

Кемин районундагы айыл
Кайыңды, Кемин району‎»‎ барагынан багытталды)

Кайыңды, Кемин районуЧүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Көк-Ойрок айыл округунун борбору. Чоң Кемин өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жанатемир жол бекети Кемин шаарчасынан 60 км чыгыш тарапта. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы негизинен картөшкө өстүрүшөт жана мал багышат. Орто мектеп, китепкана бар. Кыштакта белгилүү акын Ысак Шайбек уулу, кыргыз эл акыны А. Токомбаев, Кыргыз Республикасынын Уулуттук Илимдер Академиясынын академиктери М. Иманалиев, С. Б. Данияров туулган жана залкар комузчу Муратаалы жашаган.

Кайыңды
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Аянты

1

Калкы
Калкынын саны

1 728 (2015)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Калкы түзөтүү

жылы 2009[1] 2014[2] 2015[3]
адам 1414 1509 1728

Белгилүү инсандары түзөтүү

  • Иманалиев Мурзабек (1931—2017) — математик, Кыргыз ССР ИАнын академиги (1977).
  • Аалы Токомбаев (1904—1988) — Кыргызстандын эл акыны (1945), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), Социалисттик Эмгектин Баатыры(1974).

Калып:Kyrgyzstan-stub

Колдонулган адабияттар түзөтүү