Кайыңды горнблендит кени
Кайыңды горнблендит кени – Талас облусунун Кара-Буура районунда, Арал кыштагынан 4 км түндүк тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталындагы Кичи Кайыңды суусунун ортоңку бөлүгүндө. 1977-78-ж. геологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагында ордовик мезгилинин аягында жиреп чыккан горнблендит интрузиясы жатат. Интрузия туурасы 300-600 м, узундугу 2,5 км аянтты ээлеп, түндүк-батышка созулат. Горнблендит кара түстө, түрдүү кристаллдуу роговая обманка минералынан турат. Жаракалуу болгондуктан, 0,3-0,9 м3 блок алууга болот. Жакшы сайкалданып, күзгүдөй жалтырайт. Запасы 15 млн м3. Дубалдарды кооздоп каптоого болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5