Кайыңды корукчасыНарын районундагы мамлекеттик токой корукчасы (заказниги). Кайыңды суусунун алабын ээлейт. Аянты 405 га. Табигый шартта жакшы жана жыш өсүүгө жетишкен теңир-тоо карагайын коргоо максатында 1975-ж. уюшулган. Мында карагайдан башка терек, тал, ит мурун, чычырканак, жапалак арча, шилби, четин ж. б. өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү