КаккулаМанастын аты. Түштүктөн Матисак Акбай уулу жана башкалар манасчылардан жазылып алынган варианттардын көпчүлүгүндө Аккула ушундай аталып, эпостук баатырга тете тулпарлыгы да сүрөттөлөт. Ал гана эмес, “Жүгөн салганда кунан болду, Ээр-токум салганда бышты болду, Токуп болгондо асый болуп, ырас өзүнө келип, Каккула ат болду” (Кол жазмалар фондусу, 387-инв., 176, 23-б.),— деп жомоктук-мифтик касиети да айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4