Каколё (өз аты "кагоро") — Малидеги эл. Өлкөнүн түштүк-батышында жашайт. Каколё бамана жана сонинке элдери менен аралаш жашайт.
Жалпы саны 33 миң адам.

Тил

Каколё тили Нигер-конго макробүлөсүнүн курамындагы манде уясына кирет. Көпчүлүк эки же үч тилдүүлөр (бамана жана сосинке тилдери). Көбү эне тилин жоготту. Азыркы учурда каколё тил жок болуп кетүү коркунучунда турат.

Дин

Көпчүлүк мусулмандар (сүннөттөр). Бир аз бөлүгү салттуу ишенимдерге берилген бойдон калууда.

Чарбалык иштер

Кол менен иштетилген жер чарба (сорго, таруу, жүгөрү, маниок, ямс, гомбо, жер жаңгак) жана малчылык (ири жана майда мүйүздүү мал).

Коом

Алар патрилинейлик тектеш топторго бириккен — дьаму (Койта-Макалу, Фофана, Камара, Магаса, Магасуба, Ньакете), алардын ар бири бардык мүчөлөр үчүн жалпы номиналдык тыюуга ээ тотеми бар. Коом касталарга бөлүнөт: тектүү жана төмөнкү — темир усталар, гриоттор-жомокчулар. Каколё дьавамбе (дьогораме) менен "тамаша мамиледе" турушат.
Чарбасы, социалдык структурасы жана маданияты бамана менен сонинкеден анча деле айырмаланбайт.

Булактар түзөтүү