Какшаалтопоним. Кыргыздар жашаган жерлердин бири. Кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө Аксы, Шаа сууларын кечип өтүшөт да, малга карап Какшаалды таянып сегиз айча туруп калышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 161, 162). Анжыяндан качкан Алооке Какшаал аркылуу өтөт (Саякбай Каралаев, 1. 201, 216). Географиялык реалияда Кыргыз Республикасы менен КЭРдин аймагында түштүк-чыгыштан түштүк-батышка карай созулуп жаткан кырка тоо системасы жалпысынан К. деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4