Какырык (лат. sputum) - дем алуу органдары ооруганда пайда болуп, жөтөлгөндө, какырганда бөлүнүп чыгат.

Какырык

Какырыктын чыгышынын себептери түзөтүү

Какырык бир түкүрүмдөн (бронхитте жана өпкө сезгенүүнүн башталышында) 1—2 лге чейин (өпкөнүн ириндүү ооруларында) чыгат. Адатта какырык жыттанбайт; өпкө чирий баштаганда сасык жыттанышы мүмкүн. Анын коюулугу, түсү составына жараша болот. Какырык суюк, илээшме, коюу болуп, былжырлуу, ириңдүү, былжыр-ириңдүү жана кан аралаш чыгышы мүмкүн. Былжырлуу какырык түссүз, тунук, илээшме келип, бронхиттин башталышында, өпкөгө суук тийгенде, бронх астмасында пайда болот. Илээшме какырык суюк, тунук, көбүктүү болуп, өпкө күпчөгүндө бөлүнөт. Ириңдүү какырык коюу, жашыл сымак келип, өпкөнүн ириңдүү процесстеринде пайда болот.

Гигиенаны сактоо түзөтүү

Кан аралаш какырык өпкө жана жүрөк ооруларында ар кандай өлчөмдө чыгат. Какырык көп жугуштуу ооруларды таратарын эске тутуу зарыл. Ошол себептүү айрым эрежелерди сактап, туш келди жерге түкүрбөй, оозу жабылчу атайын идишке түкүрүү керек. Чогулган какырыкты канализацияга төгүүдөн мурда ага дезинфекциялоочу эритме (лизол, хлорамин) куюу сунуш кылынат. Бошогон түкүргүчтү соданын эритмесинде кайнатып дезинфекцияланат. Какырыктын жардамы менен көп оорулар, көбүнчө дем алуу органдарынын оорулары аныкталат. Ал үчүн какырыкты карап көрүп, анын жалпы белгилери, өлчөмү, физикалык, химиялык касиеттери, ошондой эле бактериялык, цитологиялык жана башка жактан изилденет. Какырган сайын оозду чайкоо керек. Какырык чыккан бардык жугуштуу оорулар менен ооруганда өздүк гигиенаны так сактоо зарыл. Какырыктуу жөтөл башталар менен догдурга кайрылуу талапка ылайык.

Какырык чыгаруучу дарылар түзөтүү

Какырык чыгаруучу дарылар — жөтөлгөндө какырыктын чыгышын жеңилдетүүчү дары заттар. Какырык чыгаруучу дарылар бронхтун былжыр челиндеги бездин иштешин күчөтүп, какырыкты суюлтат, ошондон улам какырык оңой бөлүнөт. Какырык чыгаруучу дарылардын кыйыр жана түздөн-түз таасир этүүчү түрү белгилүү. Түздөн түз таасир этүүчү түрүнө тамакты чайкаганда, буусу менен дем алганда бронхтун былжыр челине түздөн-түз таасир этет.

Какырык чыгаруучу дарылардын бул тобуна ичүүчү сода (какырыктын илээшкектигин азайтат), терпингидрат жана кээ бир эфир майы кирет. Аларды ингаляция түрүндө колдонуу же ичүү сунуш кылынат. Кыйыр таасир берүүчү какырык чыгаруучу дарыларды ичкенде карындын сезгич нерв учтарына таасир этип, бронхтун былжыр челин рефлекстик дүүлүктүрөт. Аларга дары өсүмдүктөрүнөн жасалган дарылар кирип, көп өлчөмдө ичкенде оорулуу кусат. Өзгөчө жаш балдар көтөрө албайт. Ошондуктан догдурдун көрсөтмөсүз балдарга берүүгө болбойт.

Жаш балдарга какырык чыгаруучу дарылар катары кустургуч таасири жок дарылар сунуш кылынат. Какырык чыгаруучу дарылар көбүнчө какырык чыкпай жөтөлткөн өпкө ооруларында (бронхит, өпкөнүн сезгениши) берилет. Башка оорунун (мисалы, өпкөнүн кан айлануусу бузулушунда) кесепетинен жөтөлсө бул дарылардын таасири аз. Андыктан негизги оорунун себебин таап дарылоо жүргүзүү зарыл. Өз алдынча дарылануу көбүнчө оорунун кабылдап кетишине алып келет. Мисалы, түздөн-түз таасир этүүчү каражаттарды өз алдынча, догдурдун көзөмөлүсүз пайдалануу өпкөнүн өнөкөт оорусун (мисалы, кургак учук) күчөтөт, кыйыр таасир этүүчү түрүн ашкере пайдалануудан адам кусат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8