Какырык чыгаруучу дарылар

Какырык чыгаруучу дарылар — жөтөлгөндө какырыктын чыгышын жеңилдетүүчү дары заттар. Какырык чыгаруучу дарылар бронхтун былжыр челиндеги бездин иштешин күчөтүп, какырыкты суюлтат, ошондон улам какырык оңой бөлүнөт. Какырык чыгаруучу дарылардын кыйыр жана түздөн-түз таасир этүүчү түрү белгилүү. Түздөн түз таасир этүүчү түрүнө тамакты чайкаганда, буусу менен дем алганда бронхтун былжыр челине түздөн-түз таасир этет.

Какырык чыгаруучу дарылардын бул тобуна ичүүчү сода (какырыктын илээшкектигин азайтат), терпингидрат жана кээ бир эфир майы кирет. Аларды ингаляция түрүндө колдонуу же ичүү сунуш кылынат. Кыйыр таасир берүүчү какырык чыгаруучу дарыларды ичкенде карындын сезгич нерв учтарына таасир этип, бронхтун былжыр челин рефлекстик дүүлүктүрөт. Аларга дары өсүмдүктөрүнөн жасалган дарылар кирип, көп өлчөмдө ичкенде оорулуу кусат. Өзгөчө жаш балдар көтөрө албайт. Ошондуктан догдурдун көрсөтмөсүз балдарга берүүгө болбойт.

Жаш балдарга какырык чыгаруучу дарылар катары кустургуч таасири жок дарылар сунуш кылынат. Какырык чыгаруучу дарылар көбүнчө какырык чыкпай жөтөлткөн өпкө ооруларында (бронхит, өпкөнүн сезгениши) берилет. Башка оорунун (мисалы, өпкөнүн кан айлануусу бузулушунда) кесепетинен жөтөлсө бул дарылардын таасири аз. Андыктан негизги оорунун себебин таап дарылоо жүргүзүү зарыл. Өз алдынча дарылануу көбүнчө оорунун кабылдап кетишине алып келет. Мисалы, түздөн-түз таасир этүүчү каражаттарды өз алдынча, догдурдун көзөмөлүсүз пайдалануу өпкөнүн өнөкөт оорусун (мисалы, кургак учук) күчөтөт, кыйыр таасир этүүчү түрүн ашкере пайдалануудан адам кусат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8