Калктуу жерди абаттоо - адамдын жашоосуна ыңгайлуу, жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган чаралар жыйындысы.

Өнөр жай курулушунун улам өсүшү, транспорттун көбөйүшү калктын ден соолугуна, турмуш-тиричилигине, айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизбей койбойт. Өнөр жай жана ичинен күймө кыймылдаткычтар бөлүп чыгарган таштандылар, транспорттун интенсивдүү кыймылы калктуу жердин санитария-гигиеналык шарттарын начарлатып, абаны, турак жайды, тиричилик буюмдарын булгап, ызы-чууну көбөйтөт. Бул факторлордун адамга тийгизген жагымсыз таасирин алдын алуу же азайтуу үчүн пландалган жана санитария-техникалык чаралар комплексин ишке ашыруу зарыл. Пландалган чараларга калктуу пункттарды туура жайгаштыруу, санитариялык коргоо зонасын түзүү жана башка кирет. Калктуу жерди абаттоодо маданий-тиричилик имараттарын куруу менен ал жерди жашылдандыруу, коммуналык жактан тейлөө (жылытуу, электр газы жана башка менен камсыз кылуу) чоң мааниге ээ.

Санитария-техникалык чараларга суу менен камсыз кылуу, канализация, ассенизация, таштандыларды зыянсыздандыруу, калк отурукташкан жерлерди тазалоо, дүкөн, дарылоо-алдын алуу, балдар, маданий-тиричилик мекемелерин куруу кирет. Калктуу жерди абаттоонун эң милдеттүү иши - калк отурукташкан жерлерди, шаардык турак жай райондорун жашылдандыруу. Отургузулган бак-дарактар температуранын төмөндөшүнө, абанын таза болушуна көмөктөшүп, кычкылтек менен байытат, ызы чууну азайтат. Орточо шаарлардын (100 миң калкы менен) турак жай райондорунда тигилген бак-дарактардын аянты 1 кишиге 5 м2, ири шаарларда 7мг, курорт-шаарларда 16 мг болушу зарыл. Турак жай райондорун жашылдандыруу калктын эс алуу шарттарын жакшыртат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8