Каллаур Василий Андреевич

Каллаур Василий Андреевич (1838 — 1918 же 1919) — чыгыш таануучу. Археологияны сүйүүчүлөрдүн түркстандык ийриминин (ТКЛА) активдүү мүчөсү, археологиялык, этногафиялык материалдарды, кол жазмаларды, документтерди, ошондой эле тарыхый топография жана топонимика боюнча маалыматтарды жыйноочу. Кыргызстандын Талас өрөөнүндөгү Айыртам-Ой (азыркы Кырк-Казык айылы турган аймак) деген жерден байыркы түрктөрдүн руникалык жазуусу чегилген 5 эстелик ташты (1896—1998) биринчи ачкан адам катары түркологиянын тарыхына кирген. Бул эстеликтерди В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский, С. Е. Малов, X. Н. Оркун жана башка окуп, жарыялаган. Каллаур ошол кезде падышалык администрациянын Орто Азиядагы өкүлү — Олуя-Ата уездинин (1876), кийин Перовский уездинин (азыркы Кызыл-Ордо облусу Казакстан Респ.) начальниги болгон. Полковник чинин алган. 1908—09-жылы Түркстан крайындагы кызматын калтырып, Киевге көчүп кеткен.

Эмгек түзөтүү

  • Археологическая поездка по Аулиеатинскому уезду// ПТКЛА, год 2, 1897;
  • Камень с древнетюркской надписью из Аулиеатинского уезда // ЗВОРАО, II, 1899;
  • Новая археологическая находка в Аулиеатинском уезде//Туркестанкие ведомости, 1898, № 48, 52.

Колдонулган адабияттар түзөтүү