Калып, калыптоо

Маалыматтарды форматтоо жана форматтоо үчүн жалпы термин

Калып, калыптоо (англ. Format, Formating - Формат, форматирование). Сактоо, басып чыгаруу же дисплей экранына чагылдыруу үчүн маалыматтарды уюштуруу. Ийилчеек жана катуу дисктер калыбы – бул кандайдыр бир утилит аткарган алардагы магнит чектөөлөрү. Документтерде болсо калып катары текст чегин (сол, оң, жогорку, төмөнкү), колдонулган арипти, текстти түздөө жолдорун, жогорку жана төмөнкү колонтитулдарды, барактарды номурлоону жана алардын баракта жайгашышын түшүнөт. Берилиштер базасын башкаруу системдерде калып термини экран формаларында чагылдырылган талаа аттарынын жана берилиштер талааларынын физикалык жайгашы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3