Калып:Бүгүн:07-4
АКШнын көз карандысыздык күнү.
- 1865-жылы — Англиялык жазуучу Лүис Кэрроллдун "Алиса кереметтер өлкөсүндө" китебинин биринчи басылмасы чыккан.
- 1916-жылы — Падышалык Орусиянын колониалдык аймактардын калкын согушка мобилизациялоо туурасындагы жарлыгына каршы Хожент шаарында козголоң чыгып, кийин Кыргыз мамлекетинин аймагына да жайылган.
- 1924-жылы — Түркстан АССР Элдик комиссарлар Кеңеши кыргыз жеткинчектери үчүн Пишпекте мектеп-интернат ачуу туурасында чечим кабыл алган.
- 1986-жылы — Кайрадан реконструкцияланган Нью-Йорктогу "Эркиндик" айкели ачылган .
- 1996-жылы — Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек аралары туурасындагы келишимге кол коюлган.
- 2001-жылы — Орусиянын Иркутск шаарынын аэропортуна конордо Ту-154 учагы кырсыкка учураган.