Калып:Бүгүн:07-9
- 1887-жылы — Англиядагы кагаз фабрикасынын жетекчиси Жон Дикинсон тарабынан алгачкы кагаз салфеткалар чыгарылган.
- 1909-жылы — Түркстандык археолог күйөрмандарынын ийрими Жууку капчыгайынан байыркы эстеликтин табылгандыгын билдиришкен.
- 1933-жылы — Орусияда студенттерди Волга дарыясынан өткөрүп жатканда жүргүнчү ташуучу "Төртүнчү" баркасы чөгүп кеткен.
- 1944-жылы — Фрунзе облусу беш район жана бир шаарга кемиген.
- 1957-жылы — Швециялык окумуштуулардын тобу Менделеевдин таблицасы боюнча 102-элемент нобелийди ачышкан (сүрөттө).
- 1992-жылы — Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, эсеп жана статистиканын эл аралык стандартына өткөн.
- 1999-жылы — «Ар-Намыс» саясий партиясы уюшулган
- 2006-жылы — Орусиянын Иркутск шаарынын аэропортуна конордо токтоно албай калган А310 аэробусу гараждар комплексине барып урунган.