Калып:Портал:Ислам/Киришүү

Ассаламу алейкум
Allâh
Allâh

Ислам (араб. الإسلام‎ — моюн сунуу, (Аллахтын буйруктарына) багынуу) — дүйнө жүзүндөгү эң таасирлүү чоң диндердин бири. VII кылымда Арабиянын Хижаз аймагында пайда болгон жана бул диндин пайгамбары Мухаммед пайгамбар ﴾ﷺ﴿ болуп саналат. Исламды тутунгандар «муслимун» деп, жекелик түрдө «муслим» деп аталат, ошондой эле «мусулман» делген варианты да бар.
Учурда алар 1.62 миллиард адамга жетет.

"Ислам" (араб. الإسلام‎) сөзү араб-семит тилиндеги "са-ла-ма" ("тынчтыкты жайылтуу") деген этиштик тамырдан келип чыгат. Исламда да Нух (Ной), Ибрахим пайгамбар (Авраам), Муса (Моисей), Дауд (Давид), Сулайман (Соломон), Иса (Иисус) ж.б. пайгамбарларга берилген аяндарга болгон ишенич бар, ал эми Мухаммед пайгамбар ﷺ алардын жолун уланткан акыркы пайгамбар катары каралат. Бирок мурунку пайгамбарларга түшкөн китептер жана барактар кийин өзгөрүүгө учураган деп эсептелинет.

Мусулмандардын ыйык китеби — бул Куран (араб.: القرآن‎ — окуу). Андан кийинки эле орунда Мухаммед пайгамбардын ﷺ аткарган иш-аракеттери жана айткан насаат сөздөрү тууралуу сахабалардан калган маалыматтар (Хадистер) турат.
Ислам беш түркүктөн турат: ыйман (келиме) келтирүү, намазды тургузуу, зекет берүү, орозо тутуу жана ажылыкка баруу.

толугураак...