Орозо, ас-саум (араб. الصوم) — Ислам дининин беш негизинин үчүнчүсү болуп саналат. Рамазан айында орозо кармоо —мусулмандардын парзы болуп эсептелинет. Рамазан орозосу хижраттын экинчи жылында парз кылынган. Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан эсептелинет. Ислам ушул айда туулган, дүйнө жүзүн нурга бөлөгөн Ыйык китебибиз Курани-Карим да так ушул айда түшө баштаган. Миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси да ушул айдын ичинде камтылган. Ички дүйнөбүздү жаман түшүнүктөрдөн, сырткы келбетибизди туура эмес кыймыл-аракеттерден тазалаган орозо Рамазан айында кармалат. "Орозо" деген сөздүн сөздүк мааниси - "кандайдыр бир нерседен оолак болуу, бир нерседен тыйылуу". Орозонун шарияттагы мааниси - милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден, тактап айтканда, жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан тыйылуусу. Демек, орозонун парзы - жеп-ичүү жана жыныстык байланыштан сактануу. Орозонун убактысы Курани Каримде мындайча көрсөтүлгөн: "Таң агарып, ак жип кара жиптен айырмаланган маалга чейин ичкиле, жегиле. Андан соң кечке чейин орозо кармагыла". (Бакара сүрөсү, 187-аят). Хадистерде көрсөтүлгөндөй, аяттагы ак-кара жип каймана мааниде таң агарып келе жаткан мезгилдеги күндүз менен түндүн чегин көрсөтөт. Рамазан айы кээ бир жылдарда 29, бир жылдарда болсо 30 күн болот. Рамазан айы 29 күн болсо да орозо так кармалган болот. Себеби парз кылынганы, айда толугу менен орозо кармоо болуп саналат. Пайгамбарыбыз тогуз жыл Рамазан орозосун кармаган, анын төрт жылы 29 күн, беш жылы 30 күн болгон. Рамазан айындагы бир айлык орозо Исламдын беш парзынын бирөө болуп саналат. Буга Курани Карим жана хадис далил болот. Курани Каримде Алла Таала мындай дейт: "Оо, ыйман келтиргендер! Такыбалыкта болууңар үчүн силерден мурункуларга парз кылынган сыяктуу силерге да орозо парз кылынды". (Бакара сүрөсү, 185-аят). Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: "Ислам беш нерсенин үстүнө курулган: Аллахтан башка кудай жок экендигине жана Мухаммед Аллахтын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана чамасы жеткендер ажылыкка баруу". (Бухарий, Ыйман-34). Орозо, бизди дүйнөдө жамандыктардан коргогон, акыретте болсо тозок отунан сактаган жана күнөөлөрүбүздү кечирилүүсүнө себепчи болгон маанилүү бир ибадат болуп саналат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (САВ): "Ким ыйман келтирип , сообун Аллахтан күтүү менен Рамазан орозосун кармаса, жасаган күнөө иштери кечирилет".(Риядус-Салихин, 2 том. 489-б.)

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар (La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png) •
Адил халифтер (رضي الله عنه.png)
Сахабалар (رضي الله عنه.png)

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий



Орозонун пайдаларыОңдоо

  • Орозо адеп-ахлагыбызды жакшыртат

Орозо, бизге ар дайым Алла Тааланы эскертет, жоопкерчилик сезимин ойготот. Жүрөгүбүздү жаман ой-пикирлерден алыстатат, башкаларга жамандык кылуудан коргойт. Орозонун бизге берген дагы бир пайдасы болсо, жакшы адеп-ахлакка жетиштирүү менен периштелер даражасына алып келет. Орозо, көздөрдү арам нерселерди кароосуна, тилди болсо жалган сүйлөөсүнө, кулактарды арам болгон нерселерди угуусуна, курсакты арам тамактан, колдорду жаман иш жасоодон, буттарды болсо арам жерлерге баруудан коргойт. Орозонун парз кылынуусундагы сыр - Аллахка болгон кулдук милдетибизди аткаруу жана жаман нерселерден оолак болуу.

  • Орозо, адамдын ырайымдуулук жана жардамдашуу сезимдерин ойготот

Жашоосунда ачкачылык эмне экендигин билбеген бир адам, колунда жок инсандардын тарткан азабын жана кыйынчылыктарын жетээрлик даражада биле албайт. Бирок ал адам, орозо кармаган убакытта гана ал адамдардын акыбалын түшүнөт жана кедейлердин кыйынчылыктарын жүрөгүнөн сезет, аларга каршы мээримдүүлүк жана ырайымдуулук сезимдери ойгонот. Натыйжада жесирлерге жардам колун сунат, кыйынчылыктарын жоюуга аракет кылат.

  • Орозо адамга берилген сыйлардын баркын үйрөтөт

Инсан колунда болгон нематтардын кадыр-баркын, колунан кеткенден кийин гана түшүнөт, бирок анда кеч болгон болот. Орозо кармоо менен бир канча убакыт нематтардан алыс калган инсандын көз карашында бул нематтардын баалуулугу дагы да жакшыраак түшүнүлөт. Бул көз караш инсанга, аларды дагы да жакшыраак коргоосун, нематтарды берген Аллахка көбүрөөк шүгүр келтирүүсүн үйрөтөт. Чоң текст

  • Орозо кармоо адам ден-соолугуна пайдалуу

Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз мындайча буйрук кылат: "Орозо кармагыла, ден-соолукта болосуңар". (Кашфул-Хафа, 2/33). Жылдын он бир айын тынымсыз жеп-ичүү менен өткөргөн жана ошондой эле чарчаган тамак сиңирүү органдары, орозонун шарапаты менен дем алат. Рамазан айынан кийин бул милдетин улантууга киришет. Илим адамдарынын айтуусу боюнча орозо, саламаттыкты сактоого абдан жакшы салымын кошот. Нобель сыйлыгынын ээси, медицина илимдеринин доктору, француз аалымы доктор Алекс Карел мындайча дейт: "Орозо убагында, организмде топтолгон тамак-аштар жакшы иштетилет, ордун жаңы минералдуу заттар ээлейт, мындайча инсан организминде жаңылануу пайда болот. Орозо ден-соолукка абдан пайдалуу". (Жашоо энциклопедиясы, Орозо бөлүмү).

  • Орозо адамга сабырдуу болууну үйрөтөт

Орозо кармоо менен өзүн белгилүү бир убакытка жеп-ичпөөгө үйрөткөн адам, жашоодо туш келе турган кыйынчылыктарга оңой эле сабыр кылат, азаптардан кутулуусу жеңил болот.

Орозо кармоо - денебизге зыянбы?Оңдоо

Кээ бирөөлөр чала-була угуп алышып эле, орозонун денеге зыяндуу болгондугун айтышат. Эмне, динибиз зыяндуу нерселерди буйрук кылабы? Жок, Алла Таала инсандарга зыяндуу болгон нерсени буйрук кылбайт. Медицина аалымдары мындайча дейт: "Орозо кармаган адамдарда адреналин гормондору канга оңой жол менен сиңип кетет. Бул гормондорун таасирлери, рак клеткаларга каршы иштегени баардыгыбызга маалым. Мындайча бул гормондор, ракка каршы абдан чоң ролду аткарат, башкача айтканда, рак клеткаларынын көбөйүүсүнүн алдын алат. Орозо кармаган адамдын денесинде ич майларды эритет, денени тазалайт, кубатка толтурат жана ошондой эле ашказан, бөйрөк, кант, жүрөк жана кара боор ооруларына каршы күрөшөт". Түрдүү кызматтарды аткарган кара боор, сиңирүү милдетин да аткарат. Орозо убактысында 3-5 саат дем алат, азык топтоо ишине бир аз болсо да тыныгуу берет. Ашказандагы сиңирүүчү клеткалар дем алат. Кан азайгандыгынан улам бир аз болсо да кан басымы да өз калыбына келет. Ошондуктан кан басымы жогоруларга орозо дары болот. Жемиштердин жакшы жуулбоосунан улам кан тамырлар зыян көрө баштайт. Майлар тамырларды тарытат, тамыр катуулугу деген ооруну алып келет. Кеч маалга жакын организмда эч кандай азык калбай калат. Башкача айтканда, бардык азыктар сиңип кетет. Ошого байланыштуу "тамыр катуулугу" оорутуп жаткан оорулуу адамдарга башка айларда да орозо кармоосу сунушталат. Орозонун шарапаты менен башка органдар да эс алат. Аз жеп, аз тамактануу ошондой эле орозо кармоо, дененин саламаттыгы тарабынан өзгөчө мааниге ээ. Зекет, малдын кири болгондугу сыяктуу эле, зекет берүү менен малды кирден тазалаган болот. Орозо кармаган адам да денесин зекетин берген болот, оорулардан аны коргогон болот. Пайгамбарыбыз "Бардык нерселердин зекети бар. Дененин зекети орозо кармоо" деп буюрган. (Тирмизи, Даават, 86.) Денеде оорунун келип чыгуусуна көп жеп-ичүү себеп болот. Жана ошондой эле оорунун булагы катары саналат. Көп тамак жеген адамда мээримдүүлүк сезими азаят. Кыялдануулары көбөйүп, арамга жакындашуу ыктымалы жогорураак болот. Туура эмес жолдорду көздөгөн сезимдердин алдын алуу зарыл. Ачкачылык шайтандын жолун торойт. Шайтан, тамырдагы кан сыяктуу денеде айланат. Ачкачылык менен шайтан жолуна тоскоол болуу керек. Бойдок, балакат курагына келгендер үчүн да орозо кармоо абдан пайдалуу. Себеби орозо, дүүлүгүү сезимдерди тизгиндейт жана жаман иштерди жасоого тоскоол болот. Ушуну айтып өтүү керек; орозону, мусулмандар медициналык жактан пайдалыгы үчүн эмес, тескеринче Ыйык Куранда буйрук кылынганы үчүн гана кармашат. Бирок медициналык жактан да пайдалуу экендиги бул албетте чындык.

Орозонун даражаларыОңдоо

Ислам аалымдары орозонун үч даражасы болгонун айтышат:

  • 1.Саарлыктан иптарлыкка чейин тамактануудан, жеп-ичүүдөн жана жыныстык каалоолордон сактануу менен кармалган орозо. Бул орозо шарттары так аткарылганы үчүн дурус эсептелинет. Бирок мунун чыныгы максатына жетишүү үчүн орозо кармаган адам экинчи даражага жетишүүсү керек болот.
  • 2.Биринчи даражада айтылып өтүлгөндөр менен бирге кулак, көз, тил, колу-бут жана башка органдарды күнөөдөн алыстатуу менен кармалган орозо. Бул орозо, органдарга таасирин тийгизген жана ээсин ахлактык улуулукка жеткирген орозо болуп саналат.
  • 3.Биринчи жана экинчи даражалар менен бирге, жүрөгүндө Алла Тааладан башкага жай бербеген, жүрөгүн Алладан башкача атабоо менен кармалган орозо болуп эсептелинет. Орозодо эң жетишкен даража мына бул болот. Ошол эле убакытта бул орозо, пайгамбарлардын жана Алланын олуя кулдарынын кармаган орозосу экендиги баарыбызга маалым.

Орозо кармаган адам, адал болгон нерселерди жеп-ичпейт, жыныстык каалоолордон узак убакка алыстоо менен эркине ээ болууну үйрөнөт. Бул өзүн-өзү башкаруучулук менен органдарды тарбия кылган мусулман адам, натыйжада жүрөгүн да жаман сезимдерден аруулантат. Материалдык жана дүйнө кызыкчылыктарынын узакташып, кулдуктун туу чокусуна жетишет, Алланын сүйкүмдүү кулдарына айланат. (Газали, Ихяу-Улумиддин, 2/19.)