Калып:Портал:Ислам/Тандалган макала

Таравих

Таравих (араб. تراويح‎ - тыным, эс алуу, дем алуу) - Рамазан айында боло турган орозонун ар бир күнүнөн кийинки түнкүсүн окулуучу намаз. Алгачкы 4 рекетти окулгандан соң, бир азга тыным алып, анан улантыш керек болгондуктан, «таравих» сөзү арабчадан «тарвиха» (отуруу, эс алуу) деген сөздөн келип чыгат. Мусулмандар үчүн таравих-намазды окуш муаккад сүннөт (зарыл сүннөт) болуп саналат.

Таравихти окуунун зарылчылыгы тууралуу Мухаммед пайгамбардан ﷺ калган хадистер бар. Көбүнчө, Бухари жыйнагында Мухаммед пайгамбардын ﷺ Рамазан айында мечитте түнкү намаз окуган окуясы келтирилет.


толугураак