Калып:Портал:Кыргызстан/Мыкты макала

МЫКТЫ МАКАЛА


Бишкек

Бишкек (англ. Bishkek) - Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий, өнөр жай жана маданий борбору жана өлкөдөгү эң ири шаары. Өзгөчө бир административдик бирдиги. 1878-жылы негизделген. Аянты 12,7 миң га. Калктын саны - 1022 миңге чукул (2009). Өлкөнүн түштүк аймактарына окшобой, калктын арасында орус жана орус тилде сүйлөшкөндөрүн пайызы жогору. Бишкек ш-нда 4 адм.-айм. бирдик — Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, Чоңарык шаарчасы (8,2 миң адам) жана Ортосай айылы (4,5 миң адам) бар. Кыргыз Республикасынын түндүк тарабындагы, Чүй өрөөнүндө, Теңир-Тоонун астында, Кыргыз хребетинден 40 чакырымдык алыстыкта, Казакстан чегарасындан 25 чакырымдык алыстыкта жайгашкан. Шаар аймагы 127,3 чарчы чакырым түзөт. Бишкек. Чүй өрөөнүнүн ортосунда деңиз деңгээлинен 700 - 940 метр жерде жайгашкан. Калганын окуу