Камоо-Төр алтын кенчеси Чүй облусунун Кемин районунда. Тасакемин тоосунун түндүк-чыгыш капталында, Кичи Кемин суусунун баш жагында, анын сол куймалары–Шаркыратма менен Тегирментинин аралыгында, деңиз деңгээлинен 2900–3250 м бийиктикте жайгашкан. 1988-ж. табылып, 1988–94-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы жогорку рифейдин плагиограниттери жана жогорку ордовиктин сиениттери менен жирелген рифейдин куперлисай свитасынын метаморфизмделген сланецтеринен түзүлгөн. Рудалануу метаморфизимделген сланецтердеги субмеридиандык жана түндүк-чыгыш багыттагы тектоникалык жаракалардын бириккен жери менен байланышкан. Жаракаларды бойлото сланецтердин гидротермдик процесстеринин таасиринен өзгөргөн тилкесинде кварц тарамдары, сульфиддик минералдар кездешет. Рудалануу тарам тибине, алтын-сульфид-кварцтуу формациясына кирет. Негизги руда минералдары: алтын, пирит, арсенопирит, галенит, сфалерит, күмүш, электрум ж. б. Рудадагы алтындын орточо өлчөмү 7,55 г/т, күмүштүкү – 37,12 г/т. Руданын запасы жана ресурсу 869,9 миң т, алтындыкы 6,57 т, күмүштүкү – 32,29 т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү