«Камп Ноу»[1] (кат. Camp Nou, [ˈkam ˈnɔw][2], которулушу «Жаңы талаа») — «Барселона ФК» стадиону. 1957-жылы стадиондун ачылышы болгон. Алгачкы учурда стадион каталандыктардын тили менен Estadi del FC Barcelona («Барселона» футболдук клубунун стадиону) деп аталган.

«Камп Ноу» стадионуна 99 354 көрүүчү батат [3]; ошону менен катар эле сыйымдуулугу боюнча Испаниядагы жана Европадагы эң чоң стадиондордун катарын толуктайт. Бул стадион көрүүчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча мексикалыктардын «Ацтека» стадионунан кийинки экинчи оорунда турат.

«Камп Ноу» стадиону 1964-жылы футбол боюнча Европа чемпиондугун, 1982-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты жана 1992-жылы футбол боюнча жайкы олимпиадалык турнерди кабыл алган. Еврокубоктун алкагында бир канча оюндарды жана финалдык оюндарды өткөргөн. Бир гана футболдук оюндар менен чектелбестен, Фрэнк Синатра, Майкл Жексон сыяктуу атактуу эстрада жылдыздарынын концерттери көрүүчүлөргө тартууланган.

Тарыхы түзөтүү

Куруу иштери Франсеск Миро-Санс Барселона клубунун жетекчилигине келгенден кийин башталган. Бул стадионду куруу себептеринин бири эски стадионунун сыйымдуулугу аз болгон болсо, экинчи бир себеби негизги атаандаштары — «Реал Мадрид футбол клубуна» таандык Stadio Chamartín (кийинки аталышы «Сантьяго Бернабеу») аттуу стадионунун курулушу болгон. Стадиондун архитектуурасын бир туугандар Франсеск Митханс жана Миро-Санса чийген. Стадиондун ачылышы 1957 жылдын 24 сентябрь. Дүйнөдөгү эң чоң стадиондордун катарын толуктаган Камп ноуга алгачкы учурда 99 000 адам баткан.


 
Трибунадан «Камп Ноунун» ички көрүнүшү.

Стадиондун алгачкы курулуп жаткан учурунда, клубдун негиздөөчүсү Ганс Гампердин атын коюну ылайык көрүшкөн, бирок жетекчиликтин чечими менен: Estadio del Club de Fútbol Barcelona (Барселона ФК стадиону) деп аталган. 2001-жылы президент Хуан Гаспардын жетекчилиги астында Камп Ноу деп аты өзгөртүлгөн.

Ачылышы түзөтүү

«Камп Ноу» 1957-жылдын 24 сентябрында расмий түрдө ачылат. Ачылыш аземинде салтка ылайык «Барселона» курамасы менен Польшанын «Легии» менен жолдоштук беттеш өткөргөн. Матч 4:2 эсебинде каталандуытардын пайдасына чечилген, ал эми жаңы стадиондогу алгачкы голду «Барселона» курамасынын оюнчусу Эулохио Мартинес киргизип тарыхта калган.

Алгачкы официалдуу беттешин 1957-жылы 6-октябрда Хаэндык «Реал» менен өткөргөн. Бул беттеште «Барселона» 6:1 эсебинде ири жеңишке жеткен. Голдун авторлору Вилаверде, Тэхада, жана Эулохио Мартинес (3)

Стадионду оңдоп түзөө иштери түзөтүү

 
Стадиондун тышкы көрүнүшү
 
«Стадиондун ички көрүнүшү

«Камп Ноу» бир канча жолу оңдолуп түзөтүлгөн.

Маанилүү спорттук иш-чаралардын тизмеси түзөтүү

Стадиондо футболдук мачтардан тышкары спортук жана маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Футбол боюнча Европа чемпиондугу түзөтүү

«Камп Ноу» жана «Сантьяго Бернабеуда» 1964-жылкы Европа чемпионатынын финалдык оюндары өткөрүлгөн.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат түзөтүү

1982-жылы 13-июнда Испанияда өткөрүлгөн дүйнөлүк футбол боюнча чемпионаттын алгачкы ачылыш оюну өткөрүлгөн.Аргентина 0:1 Бельгия.

  • 13-июнь: биринчи тур — Аргентина 0:1 Бельгия. 65000 миң көрүүчү.
  • 28-июнь: экинчи тур — Польша 3:0 Бельгия. 65000 миң көрүүчү.
  • 1-июль: экинчи тур — Бельгия 0:1 СССР. 45000 миң көрүүчү.
  • 4-июль: экинчи тур — Польша 0:0 СССР. 65000 миң көрүүчү.
  • 8-июль: полуфинал — Польша 0:2 Италия. 50000 миң көрүүчү.

Олимпиадалык оюндар түзөтүү

1992-жылы 8-августа стадион футбол боюнча жайкы олимпиядалык оюндарынын финалдык оюнун кабыл алган. Ал беттеште Испания улуттук курамасы Полша улуттук курамасын 3:2 эсебинде жеңип алган.

Европа оюндарынын финалдары түзөтүү

Файл:Камп Ноу, Барселона - Атлетико Мадрид 5-0, 24.09.2011.JPG
Камп Ноу, 24.09.2011, Барселона - Атлетико Мадрид 5-0

«Камп Ноуда» эки жолу Чемпиондор лигасынын финалдык беттеши өткөн. Биринчиси 1989-жылы 24-майда болот. «Милан» «Стяуаны» 4:0 эсебинде утуп алган. Голдорду Франком Райкардом, Руудом Гуллитом жана Марко ван Бастен киргизген. Экинчи финалдык оюн 1999-жылы 24-майда болгон. «Манчестер Юнайтед» «Бавариян» (2:1) эсебинде утуп алган.

Ошондой эле эки жолукубок оюндары өткөн. Биринчи беттешүү 1972-жылы 24-майда болот. «Глазго Рейнджерс» 3:2 «Динамо Москва». Экинчи беттешүү 1982-жылы 12-майда болгон. «Барселона» 2:1 «Стандарт».

1964-жылы 24-июнда «Камп Ноуда» УЕФА кубогунун финалдык оюну болот. «Реал Сарагоса» «Валенсияны» 2:1 эсебинде утуп алат.

Стадиондо беш жолу УЕФА Суперкубогунун оюндары өткөрүлгөн:

  • 1979-жыл — «Барселона» 1:1 «Ноттингем Форест». Эки оюндун жыйынтыгында «Ноттингем Форест» жеңишке жеткен.
  • 1981-жыл — «Барселона» 1:0 «Астон Вилла». Эки оюндун жыйынтыгында «Астон Вилла» Форест» жеңишке жеткен.
  • 1989-жыл — «Барселона» 1:1 «Милан». Эки оюндун жыйынтыгында «Милан» жеңишке жеткен.
  • 1992-жыл — «Барселона» 2:1 «Вердер». Жеңүүчү — «Барселона».
  • 1997-жыл — «Барселона» 2:0 «Боруссия». Жеңүүчү — «Барселона».

Испандык оюндардын финалы түзөтүү

Испания улуттук курамасынын оюндары түзөтүү

Каталония улуттук курамасынын оюндары түзөтүү

Эскерүү оюндары түзөтүү

Тарыхый оюндар түзөтүү

  • 1957-жыл 24-сентябрь  — «Барселона» 4:2 «Легия». Стадиондун ачылышыдагы достук беттеш.
  • 1957-жыл 6-октябрь  — «Барселона» 6:1 «Реал Хаэн». Стадиондогу алгачкы официалдуу беттеш.
  • 1974-жыл 27-ноябрь  — «Барселона ФК» 75-жылдыгына арналган беттеш.
  • 1998-жыл 28-ноябрь  — «Барселона ФК» 100-жылдыгына арналган беттеш. «Барселона» 0:1 «Атлетико Мадрид».
  • 1999-жыл 28-апрель  — «Барселоной» менен Бразилия улуттук курамасынын 100-жылдык салтанатка карата болгон беттеш.
  • 2012-жыл 20-март  — Ла-Лиги алкагындагы «Гранадыа»(5:3) менен болгон оюн.Бул оюнда Лионель Месси «Барселонанын» официалдуу өткөргөн мачтарынын бомбардири болгон.

Концерттер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Футбольный клуб Барселона Калып:Достопримечательности Барселоны Калып:Стадионы чемпионата мира по футболу 1982 Калып:Стадионы финалов Лиги чемпионов УЕФА Калып:Стадионы финалов Кубка обладателей кубков УЕФА Калып:Стадионы чемпионата Испании по футболу

  1. Часто ошибочно упоминается как Ноу Камп.
  2. По-русски звучит примерно как /Кам Ноу/.
  3. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named info