Кандидамикоз (Латын тили Candida - угут сымал грибок уруусу, гр. туkes - козу карын), кандидоз, бластомикоз - угут сымал грибоктордун Candida уруусу пайда кылуучу оору.

Ал жаратылышта, айрыкча бузулган мөмөдө, жашылча, жемиште көп таралган. Белгилүү бир шартта грибок былжырлуу чел, тери, кээде ички органдарды да ооруга чалдыктырат. Көбүнчө Кандидамикоз менен мончо, кондитер жана жашылча-жемиш ишканаларында иштеген адамдар ооруйт. Кандидамикоз грибок менен булганган буюм жана сыркоолуу адам аркылуу жугат. Тери бырыштарында, өзгөчө кол манжаларында түрдүү чоңдукта кызарган нымдуу, чети бышарган жарааттар пайда болот. Кээде өнөкөткө айланат. Көбүнчө ичеги-карын, дем алуу, жыныс органдары ж. б. жабыркайт. Дары катары сезгенүүгө каршы жана дезинфекциялык дарылар, антибиотиктер, витаминдер берилет. Ооруну алдын алуу үчүн Кандидамикозду пайда кылуучу себептерди арылтуу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.