Канембу
Чаддын батышында жана түштүк-батышында жашаган эл. Аз сандуу топтор Нигерде жана Нигерияда бар.
Саны 1,8 млн адам (2023ж.).
Буга чейин канембу эли канури элинин бир бөлүгү деп эсептелген. Бирок, алар бири-биринен айырмаланган эки башка эл.
ЭТИМОЛОГИЯ
Канембу этимологиясы "Канемдин эли" деп которулат.
ТИЛ
Канембу тилинде сүйлөшөт. Ошондой эле араб жана француз тилдерин колдонушат.
ИШЕНИМДЕР
Ишенгендер сүннөттүк Исламдын маликит мазхабын тутушат. Жергиликтүү салттуу ишенимдердин элементтери сакталууда.
ТАРЫХ
Канембу эли Канем империясынын калкынын тукумдары деп эсептелет. 8-кылымда негизделген Канем империясы Сахаранын борбордук аймактарын көзөмөлдөгөн. I миң жылдыктын аягынан баштап ал жерге Ислам кире баштады. Канем империясы күчтүн туу чокусуна 13 кылымдын ортосунда жеткен. Империя Египет менен соода жүргүзүп, Александрияга чейин ислам мектептерине демөөрчүлүк кылган. Империянын территориясы коңшу жерлерге (хауса жерлери, Феццан ж.б.) ийгиликтүү аскердик экспансия менен кеңейтилген. 14-кылымдын аягында ички чыр-чатактардан улам алсыраган империяны көчмөн билалалар талкалашкан. Талкалангандан кийин империянын борбору Чад көлүнүн аймагына көчүп, ал жерде Канемдин негизинде канури жетектеген жаңы Борну мамлекети пайда болгон.
ЭКОНОМИКА
Көпчүлүк соода менен алектенишет. Көлдүн жанында отурукташкандар дан эгиндерди өстүрүшөт жана мал багышат.
Кургакчылык, чаңдуу бороон, талаа чегирткеси жана цеце чымындары айыл чарбасына олуттуу зыян келтирет. Бул ачкачылык коркунучун жаратат.
ГЕНЕТИКА
Канембу элинде Ү-хромосомалык R1b гаплогруппасынын жыштыгы 50% чейин жетет. R1b гаплогруппанын жогорку концентрациясы Евразия калкынын Африкага кайтып келген байыркы миграциянын натыйжасында пайда болгон деп эсептелет.