Канури (хауса тилинде бери-бери) — африкалык эл. Негизги бөлүгү Нигерияда жашайт. Калгандары Нигер, Чад, Судан, Камерун, Ливия, БАР жана башка өлкөлөрдө жашайт.
Жалпы саны 11 млн адам. Субэтникалык топторго бөлүнөт.

Канури

Канури келини
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 11 млн адам
 Нигерия 7650 миң (2020ж.)
 Нигер 1500 миң (2023ж.)
 Чад 1071 миң (2019ж.)
 Судан 381 миң (2022ж.)
 Камерун 180 миң (1924ж.)

Тили

канури
араб
хауса

Дини

Ислам (сүннөттөр)

Расалык тиби

негроид

Тууган элдер

канембу

ТИЛ

Канури тилинде сүйлөшөт. Хауса жана араб тилдери башка элдер менен баарлашууда колдонулат.


ИШЕНИМДЕР

Ишенгендер сүннөттүк Исламдын маликит мазхабын тутушат. Жергиликтүү салттуу ишенимдердин элементтери сакталууда.


ТАРЫХ

Канури Сахаранын байыркы көчмөн эли. Алар Канем жана Борну мамлекеттеринин негизин түзүшкөн.
11-кылымда канури арасында Ислам дини жайыла баштаган.
Канем империясы кыйраганда, канури анын негизинде Чад көлдүн аймагында Борну мамлекетин түзүшкөн.
Борну мамлекети күчтүн туу чокусуна 17 кылымдын башында (Идрис Алаоманын тушунда) жеткен. Бул мезгилде мамлекеттин аймагы басып алуулардын эсебинен максималдуу түрдө кеңейтилген. Борнунун армиясы ок атуучу курал алды. Жер ижара системасы тартипке келтирилген. Турмуш-тиричиликте жана сот өндүрүшүндө шариат колдонула баштады. Эл аралык соода ийгиликтүү өнүккөн. Борнудан тышкы рынокко кулдар, мал, пилдин сөөгү алынып келинген (тышкы рыноктон Борнуга металл, кездеме, кант келип түшчү).
19-кылымдын башында Борнунун борбору Нгазаргамо фульбенин көчмөндөрү тарабынан басып алынып, тонолгон. Аларды кууп чыккандан кийин мамлекеттин жаңы борбору Кукава деп жарыяланды.
1893-жылы Борну мамлекетин судандык кул сатуучу Раббих аз-Зубайр басып алган. 1900-жылы француздар Раббих аз-Зубайрды талкалашкан. 1901-жылы аймак француз, британ жана герман колонизаторлорунун ортосунда бөлүнгөн.
Канури элинин өкүлдөрү Боко харам исламисттик террордук кыймылынын негизин түзүшкөн.


ЭКОНОМИКА

Чарбачылык иштер

  • сугат жана жерди кол менен иштетүү (элевсина, жүгөрү, сорго, жашылча, арахис, пахта);
  • малчылык (ири жана майда мүйүздүү мал, төө, жылкы);
  • балык уулоо (Чад көлүндө);
  • аңчылык;
  • туз өндүрүү.


Кол өнөрчүлүк

Кол өнөрчүлүктөрдөн темир устачылык, карапачылык, токуучулук, булгаары оймо өнүккөн. Темир усталардын жана суу ташуучулардын социалдык статусу төмөн. Чач тарачтар жана касапчылар престиждүү кесиптер катары эсептелинет.


ТУРАК ЖАЙ

Турак жайы тегерек же тик бурчтуу, короо чопо дубал менен курчалган.


САЛТТУУ КИЙИМ

Эркектердин кийими — кенен көйнөк, кең шым, түстүү же кара топу же ак чалма. Аялдардын кийим — саймалуу (геометриялык оймо менен), түстүү көйнөк, жеңи жок кара түстөгү бир тондук көйнөк, ар кандай түстөгү жоолуктар.


КООМ

Аталык жактан тууган үй-бүлөлөр айылдарда жана шаарларда өзүнчө кварталдарды түзөт. Жамаатты башчы (лаван) жетектейт. Борну доорундагы саясий институттар, 22 башчылык жана жогорку башкаруучунун (маи) культу сакталып калган. Салттуу социалдык уюм чоң үй-бүлөлүк жамаатынан (ял"үй" деп түшүндүрөт) турат. Аялы атасынын жамаатында (дур) мүчөлүгүн сактайт. Нике патрилокалдык. Көп аялдуулук жана бөлөлөр менен нике практикаланат. Эң престиждүү нике 10-14 жаштагы кыз менен эсептелет, бирок көпчүлүк жигиттер үчүн бул өтө көп кун талап кылат, ошондуктан биринчи нике көбүнчө ажырашкан аял менен болот. Бифуркативдик типтеги тууганчылык терминдеринин тутуму (атасынын жана энесинин эжелеринин улуу жана кичүү инилери үчүн терминдер ата жана эне терминдеринен келип чыккан).
Скарификация (денеге ритуалдык тырыктарды кылуу) практикаланат.


МАДАНИЯТ

Негизги фольклордук жанрлар (мифтер, жомоктор, ырлар, уламыштар, макал-лакаптар) өнүккөн.


БЕЛГИЛҮҮ ИНСАНДАР

  • Сани Абача. Нигериянын онунчу президенти (1993-1998жж).
  • Мамаду Танджа. Нигердин бешинчи президенти (1999-2010жж.).

Булактар

түзөтүү