Канжыгаат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ат үстүндө ар кандай нерсени байлануу жана бөктөрүү үчүн ээрдин арткы эки чагаракка «чаян түйүлгөн» жарым кулачтай ичке кош кайыш. Аны ийленген кайыштан тилет да, кез-кез майлап турат. Көчкөндө бешикти, же баланы өзүнчө өңөрүүдө аялдардын ээринин эки капталынын алдыңкы четине да атайын жазы кайыш тагылган. Олжолуу адамды «кош канжыгалуу» деп айтат.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)